Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Бейшеналиев: вакцинанын жоопкерчилигин өкмөт моюнуна алат


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Коранавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жоопкер болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынында билдирди.

“Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган экен. Анын таасири дене табы бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, өкмөт менен саламаттык сактоо министри жооп берет. Анын ичинде министр катары мен жооп берем”.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү бүгүн, 29-мартта баштады. Вакцинаны алгачкылардан болуп Алымкадыр Бейшеналиев алды.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бурул Асыкбекова 26-мартта “Азаттык” радиосуна берген маегинде вакцинадан баш тарткандар да бар экенин айткан. Баш тартуунун себептери, ошондой эле андай дарыгерлердин саны канча экендиги эмдөөнүн жүрүшү менен белгилүү болот деп билдирген.

Кыргызстанда коронавирус 88 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза тапты. (MiK)

XS
SM
MD
LG