Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кыргызстан: коронавирустун жаңы штаммдары боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы чыга баштады


Коронавируска карата ПЧР-тест алуу учуру.
Коронавируска карата ПЧР-тест алуу учуру.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча чет өлкөгө жиберген анализдердин алгачкы жыйынтыктары чыга баштады. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө департаментинин лаборатория борборунун башчысы Айгүл Жумаканованын айтымында, учурда коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча 12 мамлекеттик, 4 жеке менчик лаборатория иш алып барып жатат.

Ушул жылдын январь айында Улуу Британиядагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун лабораториясына жөнөтүлгөн 20 анализден дүйнөнүн башка мамлекеттеринде жүрүп жаткан коронавирустун жаңы штаммдарына окшош штаммдар Кыргызстанда бар экени аныкталган.

“Быйылкы жылы жыл башынан бери үчүнчү жолу штаммдарды изилдөө боюнча иш алып бардык. Январь айында жыйырма үлгү Британиядагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун лабораториясына жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы келди. Ага ылайык бүгүнкү күнү Кыргызстанда бир нече мамлекетте жүрүп жаткан жаңы вирустун штаммдары жүрүп жатат. Бул Орусия, Швеция, Нидерланддар, Исландия, Америкада жүрүп жаткан штаммдар Кыргызстан жергесинде жүрүп жатат”, - деди Айгүл Жумаканова.

Кыргызстандын лабораториялары жаңы штаммдарды аныктай албагандыктан анализдер Британия, Орусияга жөнөтүлөт.

Февраль айында да Саламаттыкты сактоо министрлигинде Орусиядан келген вирусологдор менен чогуу коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча чаралар иштелип чыгып, орусиялык вирусологдор беш үлгүнү ала кеткен. Айгүл Жумаканованын айтуусунда ал анализдер дагы вирус мутация болгону тууралуу алгачкы маалыматтар келип түштү.

Коронавирус илдетине каршы эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталды. Эмдөө боюнча даярдыктан 100 медицина кызматкери окуудан өтүп, 2 ай ичинде бардык аймактарга жетээри болжолдонууда.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканада жаткандардын 4,7% абалы өтө оор деп мүнөздөлүп жатат. Үч күн мурда бул көрсөткүч 3,5% болчу. Азыр ооруканаларда 504 бейтап жатат, алардын экөөнүн гана абалы канааттандыраарлык. Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG