Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

Арменияда журналистке кол көтөргөн министр кызматынан кетти


Акоп Аршакян
Акоп Аршакян

Армениянын Жогорку технологиялуу өнөр жай министри Акоп Аршакян Еревандагы кафеде журналистти уруп, анын компьютерин колунан алып ыргыткан. Бул чатак 19-мартта болуп, министр 31-мартта кызматтан кеткенин «Азаттык» радиосунун армян кызматы кабарлады.

«Армениянын жараны катары кызмат адамы башка бирөөгө зомбулук кылганы жат нерсе. Биз зомбулуксуз коомду куруу багытында алдыга жылышыбыз абзел», - деп 35 жаштагы министр "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Анын ордуна 1-апрелде Армениянын Тавушск облусунун губернатору дайындалды.

Бул окуя Еревандагы кафеде болуп, журналист камерасы менен тамактанып жаткан министрге келип, ал эмнеге жумуш убактысында иштебей, бекер отурганын сураган. Министр Акоп Аршакян ал дайыма иште экенин айтып жооп кайтарса, журналист мамлекеттик аткаминердин күн тартиби менен бекитилген, чектелген жумуш убактысы бар экенин министрдин эсине салган.

Журналист өз ордуна барып отургандан кийин министр Акоп Аршакян ордунан туруп келип, журналистти уруп, колундагы компьютерин диванга ыргытып жиберген. Бул чатак Интернеттеги социалдык медиа аркылуу тарап, окуя армян коомчулугунда талкууланып, министрдин жүрүм-туруму катуу сынга алынган.

XS
SM
MD
LG