Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

29-мартта Kыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Ал максатта Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. Биринчи болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ийне сайдырды. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга Кытайдан 19-мартта келген.

Кыргызстанда эмдөөдөн алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү өтөт.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG