Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Бишкекте аялдар зомбулугуна каршы мода көргөзмөсү өттү


Мода көргөзмөсүнө катышкан аялдар. Бишкек. 2021-жыл, 1-апрель.
Мода көргөзмөсүнө катышкан аялдар. Бишкек. 2021-жыл, 1-апрель.

Бишкек шаарында 1-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) - Аялдар тармагынын колдоосу менен дизайнер Замира Молдошеванын зомбулукту жектөөгө багытталган мода көргөзмөсү болуп өттү.

Ага аймактардан келген жыйырма аял модель катары чыгышты. Алардын арасында зомбулукка дуушар болгон, ала качуу менен эрте турмуш курган аялдар бар.

Дизайнер Молдошеванын бренди болгон Z-Fashion кийимдеринин жаңы топтомунун бет ачарын жылына коомчулукту зомбулукту жектөөгө чакырган иш-чара менен өткөрөт. Көргөзмөнүн концепциясында аялдардын саясат, социалдык-экономикалык сыяктуу бардык тармакта ролу маанилүү экенин көргөзөт.

2021-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталды. Расмий маалымат боюнча 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов быйыл 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 025 фактыны каттоого алынып, анын 947си гана сотко ашканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG