Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Президенттин кеңешчиси: сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик болушу керек


Кыргызстанда коррупцияга каршы жүрүшкө чыккандар, 25-нобярь, 2019-жыл.
Кыргызстанда коррупцияга каршы жүрүшкө чыккандар, 25-нобярь, 2019-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Арслан Капай уулу АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарын анализдеген баяндамасындагы Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу айтканына жооп берди. Арслан Капай уулу “Азаттык” радиосунун "Арай көз чарай" талкуусунда баяндама жөнүндө кабардар экенин айтып, өлкөдө сөз эркиндигине байланыштуу кооптуу тенденциялар жок деп эсептейт.

Капай уулу Кыргызстанда сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик дагы бирдей болушу керек, деди.

“Албетте, өткөн жылдагы октябрь окуялары менен азыркы абалды бөлүп кароо керек. Андай кырдаалда жарандардын, анын ичинде журналисттердин ишмердүүлүгүнө коркунуч келээри кадыресе көрүнүш. Акыркы блогерлердин камалышы боюнча жазып жатканынан кабардарбыз. Бирок, мен муну жалпы Кыргызстандагы сөз эркиндигине кооптуу тендеция деп айтпас элем. Биз сөз эркиндиги маданиятын калыптандырдык. Эми сөз эркиндиги үчүн жоопкерчилик маданиятын калыптандырыш керек”, - деди Арслан Капай уулу.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарын анализдеген баяндамасын шейшембиде жарыялады. Документте Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү жаатында жаралган коркунучтарга көңүл бурулуп, «Азаттык» радиосу, «Клооп» медиасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» жүз миллиондогон долларлык коррупциянын бетин ачкан 2019-жылдагы иликтөөлөрү белгиленген.

Жарандардын эркиндигине, анын ичинде сөз эркиндигине арналган бөлүмдө Мамдепартамент кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аралашкан иликтөөнү жүргүзгөн журналисттер кабылган коркунучтарга басым жасалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG