Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Кыргызстанда кумшекердин баасы үч айда 19% кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын март айына карата кумшекердин орточо баасы Кыргызстанда 64,36 сомду түзүп турат. Бул азыктын наркы 2020-жылдын декабрь айынан бери 10,14 сомго же 19% кымбаттады.

Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык кумшекер Исфанада (69,33 сом) кымбат сатылууда. Таласта (60,67 сом) арзан.

Өкмөт азык-түлүк базарындагы бааны турукташтыруу максатында Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын өз баасында сатып алып, апрель айында өлкөгө алып келгени жатат.

Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, Орусия менен 500 тонна өсүмдүк майы жана 3000 тонна кумшекер алып келүү үчүн келишимдер түзүлгөн.

Май жана кумшекер Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун кампасына келип түшөт.

Расмий маалыматка караганда, СOVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрдөн улам бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп кетти.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбатчылык байкалууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен, айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. (MiK)

XS
SM
MD
LG