Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:26

“Кемпир-Абад” талашынын жарым кылымдык тарыхы


“Кемпир-Абад” же "Анжиян" суу сактагычы жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасынын ар кайсы жылдардагы өзгөрүшү. 1953-жылдагы, 1968-жылдагы, 1983-жылдагы, 1987-жылдагы жана 2021-жылдагы карта.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага байланыштуу келишими дагы артка жылчудай болуп калды. Буга “Кемпир-Абад” суу сактагычына байланыштуу Өзгөндөгү жана Кара-Суудагы нааразылыктар себеп болду. Береги аймакка союз кезинде Кыргыз ССРнин уруксаты менен Өзбек ССРи суу сактагыч жана гидроэлектрстанция курган. Бирок объектке коңшулар ээлик кылып калган жана талашка жарым кылымдан бери чекит коюлбай келет.

Кайрадан чуу жараткан объект

Ошентип кыргыз-өзбек чек арасындагы эң талаштуу тилкелердин бири – “Кемпир-Абад” суу сактагычына байланыштуу жаңы эле учу көрүнгөн чечимдин түйүнү кайрадан татаалдашты.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны кошумча жетектеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул тууралуу 26-мартта үн каткан.

Ташиев атайын басма сөз жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстан “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын маалымдаган. Бул кезинде социалдык тармактарда бир сыйра чуу жаратып, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда жергиликтүү тургундардын нааразылыгы менен коштолду.

Камчыбек Ташиев Өзгөндө чогулгандар менен. 25-апрель, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиев Өзгөндө чогулгандар менен. 25-апрель, 2021-жыл.

Камчыбек Ташиев Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундарынын 16-19-апрелдеги акциясын протоколду кайра карап чыгуу убадасы менен таратса, 25-апрелде Өзгөндүн Куршаб айылына келгенде суу сактагыч боюнча позициясынан толук артка кайтарын жарыялады.

"Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Себеби, биз силер алып келген бийликпиз, асмандан түшкөн, же басып алган бийлик эмеспиз. Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. "Кемпир-Абадды" бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. "Кемпир-Абадды" азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз. "Кемпир-Абад" боюнча айтып коёюн, мунун катасы 50-60 жыл мурда болгон", - деди ал.

Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев суу сактагычтын аянты 908 деген горизонтал менен суу толгон кезде 5737 гектарды ээлей турганын, бирок кыргыз тарап аны 900 горизонталга түшүрүүнү макулдашканын кабарлаган. Ал мындай шартта 4400 гектар жер суу астында каларын тактайт.

Ташиев компенсация катары өзбек тарап союз учурунда кыргыз тарапка 4100 гектар жер бергенин маалымдап, 300 гектар жер гана алынбай калган дейт. Бул жердин ордуна азыркы расмий Ташкент Бишкекке Сузак жана Өзгөн райондоруна чектеш жерлерден 1000 гектар берүүгө макулдук берген.

Демек, бул Өзбекстан менен Кыргызстандын тиешелүү аткаминерлери кабыл алган соңку протоколдун бир шарты. Экинчи шарты боюнча, ушул эле Өзбекстан башка жерден дагы 50 гектар жер берип, “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар алмак.

Бирок карасуулуктардын нааразылыгынан кийин Ташиев башта плотинанын жанындагы жерди 20 гектарга түшүрүүнү сунуштаса, жогоруда айтылгандай, кийин аны толук кайра карап чыгууга макул болгон.

"Кызыл аймак" Кыргызстан Өзбекстанга сунуштап жаткан аймак, "жашыл аймак" Өзбекстан сурап жаткан аймак. Бул жерде Өзбекстандын ГЭСтери жайгашкан, жер Кыргызстанга карайт.
"Кызыл аймак" Кыргызстан Өзбекстанга сунуштап жаткан аймак, "жашыл аймак" Өзбекстан сурап жаткан аймак. Бул жерде Өзбекстандын ГЭСтери жайгашкан, жер Кыргызстанга карайт.

Өзгөндөгү билдирүүдөн кийин бул келишим толук жокко чыгабы же жокпу белгисиз. Азырынча анын сөзү жалпы “Кемпир-Абад” боюнча Кыргызстандын турумун артка кайтаруубу же кеп болуп жаткан суу астындагы 300 гектарга эле тиешелүүбү, бул да түшүнүксүз болуп турат.

Өзгөндө нааразылыкка чыккандардын бири Мирлан Ураимов “Азаттыкка” буларды айтты:

“Өзбекстан кошумча сурап жаткан 50 гектар жерде алардын эки ГЭСи жайгашкан. Плотинанын капталында, биздин жерге курулган. Алар ошон үчүн так ошол жерди сурап жатышат. Аны өкмөт айтпай, кийин алдамыш болуп аны 20 гектарга түшүрүшкөн. Биз аны да бербейбиз деп турабыз. Бир эле ал жер эмес, “Кемпир-Абаддын” баары, тегерегиндеги жерлери жана суусу Кыргызстандын өзүндө калыш керек деп талап кылып жатабыз. Ошол келишимде жазылган 5121 гектар жер, бардыгы бизге, Кыргызстанга кайтарылышы керек. Ташиев ошого “макул” деди, бирок бул жакта биз суу сактагычтын жанында тигилген боз үйдү дагы деле албай турабыз. Дагы деле күтүү режиминдебиз. Бийлик Өзбекстан тарап менен протоколду жокко чыгарып бермейинче күтө беребиз. Ал боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, кагаз жүзүндө чийип салып, көрсөтүшү керек. Азыркы карта боюнча деле плотинанын бештен экиси бизге караштуу. Ошондуктан же чогуу башкарууга өтүшүбүз керек, же суу сактагычты толугу менен биз тарапка өткөрүп беришсин. Анткени суунун көбү биздин жерде турат, суу биздики”.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% мындан төрт жыл мурда - 2017-жылы такталып, ратификацияланган. Дагы 10% жакыны макулдашылган, 5% ашыгыраагы таптакыр чечиле элек болчу. Так ошол 5-6% ичинде тогуз тилке болсо, анын эң талуусу деп “Кемпир-Абад” суу сактагычы аталчу.

"Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанында карасуулуктар чыккан учуру. 19-апрель, 2021-жыл.
"Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанында карасуулуктар чыккан учуру. 19-апрель, 2021-жыл.

Жаңы бийликке келген Садыр Жапаров президент катары үчүнчү чет элдик сапарын мартта Өзбекстанга жасаган. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чек ара маселесиндеги негизги маселелерди үч айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашкан.

Бул сапардын жыйынтыгында Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин, эми расмий бекитип коюу гана калганын маалымдаган эле. Бирок эми “Кемпир-Абад” боюнча Бишкектин туруму өзгөрсө, маселе дагы канча артка жылары белгисиз.

“Кемпир-Абаддын учкай тарыхы

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, кеп болуп жаткан суу сактагычты куруу идеялары Орто Азия аймагы Орус империясына карап турган, 1900-жылдары көтөрүлгөн. Алгач эки тоонун кууш жерине жөн гана чоң таштар толтурулуп, көлмө чогултулат. Таштар ошол мезгилде жыгач араба менен, ат менен тартып жасалат.

"Кемпир-Абад" ("Кампыр-Рават") суу сактагычын түптөө учуру. 1902-жыл.
"Кемпир-Абад" ("Кампыр-Рават") суу сактагычын түптөө учуру. 1902-жыл.

Совет бийлиги орногондон кийин, 1930-1940-жылдары ал дагы бекемделет. Бирок ал кезде жөн гана агымды каналдарга буруп турчу чакан тосмо болчу. Ошого объект алгачкы жылдардагы картага да түшкөн эмес.

1960-жылдары Өзбек ССРи мында бир эле суу сактагыч эмес, гидроэлектрстанция (ГЭС) курууну мерчемдейт. Бирок тоо бириккен жер жана суу толчу аймак Кыргыз ССРине карачу. Натыйжада Ташкент ошол кездеги расмий Фрунзеге өтүнүч менен кайрылат.

Шараф Рашидов баштаган Өзбек ССРинин жетекчилеринин Кыргыз ССРинин лидерлерине жазган катынын тексти. Кат Турдакун Усубалиевдин 1998-жылы жарык көргөн "Суу алтындан да кымбат" китебинде жарыяланган.
Шараф Рашидов баштаган Өзбек ССРинин жетекчилеринин Кыргыз ССРинин лидерлерине жазган катынын тексти. Кат Турдакун Усубалиевдин 1998-жылы жарык көргөн "Суу алтындан да кымбат" китебинде жарыяланган.

Кат 1962-жылдын 2-августунда Өзбек ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Шараф Рашидовдун (андан сырткары Өзбек ССРнин Министрлер кеңешинин төрагасынын, Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын) колу менен келет.

Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети жана Министрлер кеңеши ошол жылдын 26-сентябрында өзбек тарапка макулдугун берет. Жооп катка Борбордук комитеттин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Министрлер кеңешинин төрагасы Болот Мамбетов кол коюп, жөнөтөт.

Турдакун Усубалиев баштаган Кыргыз ССРинин жетекчилеринин Өзбек ССРинин лидерлерине жазган катынын тексти. Кат Турдакун Усубалиевдин 1998-жылы жарык көргөн "Суу алтындан да кымбат" китебинде жарыяланган.
Турдакун Усубалиев баштаган Кыргыз ССРинин жетекчилеринин Өзбек ССРинин лидерлерине жазган катынын тексти. Кат Турдакун Усубалиевдин 1998-жылы жарык көргөн "Суу алтындан да кымбат" китебинде жарыяланган.

Так ушул документке ылайык, 5968 гектар жер суу сактагычтын алдында калса, анын 5022 гектары кыргыз тараптын жери болот. Мунун ичинде Кыргыз ССРнин бир колхозунун, үч совхозунун жана бир тажрыйба чарбасынын курамына кирген 781 турак жай суунун астында калат.

Жогоруда айтылгандай, бул жердин бир бөлүгүн өзбек тарап башка жерден компенсациялап берсе, жашоочулар ошол эле жердеги башка кыргыз айылдарына көчүрүлгөн. Алардын үйлөрүн салууга Өзбек ССРи көмөк көрсөтөт, бирок ал каражаттар таптакыр жетпей калганы расмий документтерде маалымдалат.

Өзгөн районунун тургундарынын бири Элбек Базаров кепке кошулду:

“Эгер биринчи, суу сактагыч эмес, анын айланасындагы жер тууралуу айтсак, ал жерде Советабад деген аймак мурда Кыргызстанга карачу. Союз алгачкы түптөлгөн жылдары ал жерди Өзбекстан “биз инфраструктарасын өнүктүрөбүз” деп убактылуу, 25 жылга ижарага алган. Азыр деле картадан карасаңар бир топ жер, суу сактагычтын ортосуна чейин Кыргызстанга кирип турганы көрүнөт. Өзбекстан эгемендик алгандан кийин ал жерди баштагы аты менен Ханабад деп алмаштырган да, өзүндө алып калган. Бирок азыр деле ал жерде көбүнчө кыргыздар жашайт. Суу сактагычтын ордунда болсо Кыдырша, Алчалуу, Тейит, Сүткен, Кызыл-Токой деген бир нече кыргыз айылдары болгон. Суу астында калып кеткен айылдардын жашоочулары, кыргыздар бери жакка көчүрүлүп, Өзгөндүн Кароол, Мырза-Арык айылдары түптөлгөн. Советабадды да алып, анан суу сактагыч курулганда, ушул айылдардын ордуна да Өзбекстан ээлик кылып калган. Шараф Рашидов ошол мезгилде СССРдин лидери Брежнев менен жакшы болгон экен, "пахта өндүрүштү көбөйтөбүз" деген шылтоо менен эле ушундай жыйынтык жасап койгон дейт”.

Кыргыз ССРинин 1952-жылкы жана 1968-жылкы картасы. Эки карта тең Москвада басылган. Мында азыркы суу сактагычтын орду бош болгон.
Кыргыз ССРинин 1952-жылкы жана 1968-жылкы картасы. Эки карта тең Москвада басылган. Мында азыркы суу сактагычтын орду бош болгон.

1963-жылы СССРдин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин жана Министрлер кеңешинин токтому менен Москвадагы “Гидрострой” мекемеси суу сактагычты куруу үчүн өзбек жергесинде “Анжиянгидрострой” аттуу атайын бөлүмүн ачат. Долбоорлоо ушул жерде жүрө баштайт.

Бул арада, 1965-жылдын 11-декабрында Кыргыз ССРи менен Өзбек СССРинин Министрлер кеңеши суу сактагычты куруу боюнча биргелешкен токтом кабыл алышат.

Курулуш иштери 1969-жылы башталат. Биринчи гидротүйүн 1974-жылы бүткөрүлүп, курулуш иштери 1983-жылы толугу менен жыйынтыкталат.

Кыргыз ССРинин 1983-жылкы жана 1987-жылы картасы. Бул карталар да Москвада жарык көргөн. "Кемпир-Абад" суу сактагычына суу топтолуп, сексенинчи жылдардын аягына чейин аянт кеңейгени чагылдырылган.
Кыргыз ССРинин 1983-жылкы жана 1987-жылы картасы. Бул карталар да Москвада жарык көргөн. "Кемпир-Абад" суу сактагычына суу топтолуп, сексенинчи жылдардын аягына чейин аянт кеңейгени чагылдырылган.

1991-жылы Кыргызстан да, Өзбекстан да эгемендик алгандан кийин ар ким ээлеп турган жерлерин тосуп алууга өтөт. Натыйжада суу сактагычтын плотинасынын көпчүлүк бөлүгү жана суунун аянтынын бир бөлүгү өзбек тарапта, бир бөлүгү кыргыз тарапта калат. Бирок иш жүзүндө аймакты өзбек чек арачылары кайтарып турат.

География илимдеринин доктору, чек ара маселелери боюнча адис Курманали Матикеев жагдайга мындайча эстеди:

“Бул жерде биринчи президент Аскар Акаевдин да акмакчылыгы себеп болуп калган. Ошол эле Советабад мурун бизге карачу эле да, ошол жерди же суу сактагычтын аймагын эгемендик алган учурда кирип дароо тосуп алганыбызда, бизде калмак. Кайсы бир мамлекет ыдыраганда бөлүнгөн тараптар ошол убакта ээлеген аймакты алып калат деген эреже бар. Алар тосуп алышты, биздикилер унчукпай коюшту. Ошо менен жер аларда кала берди”, - деди ал.

Алгачкы жылдары документтерде жердин аталышы Кемпир-Рават (Кампыр-Рават) деп аталчу. Өзбек тараптын сунушунда да, кыргыз тараптын жообунда да жер ушундай аталыш менен кирген.

Ташкент кийин гана аны административдик жайгашуусуна карап “Анжиян” суу сактагычы жана “Анжиян” ГЭСи деп атоого өткөн.

Планга ылайык, суу сактагыч Өзбекстандын өзүндө кеминде 240 миң гектар жерди суу менен камсыз кылмак. Кыргыз-өзбек расмийлери кабыл алган документтерде кыргыз тарап андан өзүнүн 100 миң гектар жерин сугаруу укугун алганы жазылат.

Мындан сырткары коңшулар курулушту долбоорлоону жана суу сактагычтын сол жээгинде кыргыз тарапка канал куруп берүүнү мойнуна алат. Ал канал Өзбекстанды аралап өтүп, Кыргызстандын аймагына, Баткенге суу алып барышы керек эле. Буга оро-пара Сохго да суу сактагыч курулуп, андан Кыргызстан суу алышы керек болчу. Бирок бул убадалардын баары аткарылган эмес.

"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычынын 2021-жылкы картасы. Google Maps сервисинен эки түрдүү көрүнүшү. Эки өлкөнүн чек арасы сызыгы плотинаны жана сууну кесип өтөт.
"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычынын 2021-жылкы картасы. Google Maps сервисинен эки түрдүү көрүнүшү. Эки өлкөнүн чек арасы сызыгы плотинаны жана сууну кесип өтөт.

Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 1961-1985-жылдардагы биринчи катчысы Турдакун Усубалиев көзү тирүү кезинде, 1998-жылы жазган “Суу алтындан да кымбат” деген китебинде өзү да ушул жагдайды белгилегени бар:

“Жогоруда айтылган токтом кабыл алынгандан бери көп суулар акты. Анжиян суу сактагычы качан эле курулган, ал 70-жылдары эксплуатацияга берилди, Өзбекстандын талааларына жылына милларддаган жемишин берип жатат. Бирок эки республиканын токтомундагы Кыргызстан үчүн суу курулмаларын куруп берүү келишими кагазда гана калып калды. Кампыр-Раваттын сол жээк каналынын техникалык долбоору 1977-жылы бүткөрүлсө, Сох суу сактагычыныкы 1981-жылы аяктаган. Бул объекттин да, тиги объекттин да курулушу ушул күнгө чейин баштала элек. Тилекке каршы Өзбек ССРи Кыргызстандын алдында өзүнүн милдеттенмелерин аткарган жок. Долбоорлоонун жана курулуштун көптөн берип кармалышын 70-80-жылдары өзбек жетекчилери материалдык жана финансылык ресурстардын жетишсиздиги менен байланыштырып келген. Кыргызстан алардын жообун түшүнүү менен кабыл алып, убаданы чыдамкайлык менен күткөн, бирок союздун ыдырашы биздин көп жылдык күтүүбүзгө чекит коюп салган”, - деп жазат.

"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычы.
"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычы.

“Кемпир-Абад” же “Анжиян” суу сактагычынын баштапкы долбоорунда объект 1 млрд. 750 млн. куб метр суу чогултары айтылган. Суунун азыркы көлөмү белгисиз, бирок жыл сайын суу көп чогулуп кеткенден улам Кыргызстандын бир нече айылдарын каптап кетет. Анын ичинде үйлөрдү, үлүштөрдү да суу басып, маал-маалы менен сазга айланат.

“Сугат мезгилинде Анжиян суу сактагычынын суусу Кара-Дарыя дарыясынын кыргыз тараптагы жээктерин жеп кетет. Бир сөз менен айтканда, Кара-Суунун, Куршабдын жана Сузактын Кара-Дарыяга жакыныраак айылдарынын жашоочулары соңку мезгилдери айласыз абалга кептелишти.

Алар улам чогулуп, кыйын абалдан кантип чыгууну талкуулап, Анжиян суу сактагычын курууга уруксат берген “күнөөлүү” кишилерди издеп турушат. Керек болсо алар өздөрүнүн ушул абалынын башкы күнөөкөрү Кыргызстандын Компартиясынын БКсынын биринчи катчысы Т.урдакун Усубалиев экенин “Азаттык” радиосу аркылуу бүткүл түркий дүйнөгө бир нече ирет жарыялашкан. “Анжиян суу сактагычынын алдындагы Өзгөндүн жерлерин өзбек жетекчилерине 11 млн. рублге сатып жиберген, аны соттош керек” дегендей билдирүүлөрдү жасашкан. Мунун баары карандай калп. Бирок мен аларга капа болбойм, түшүнөм, анткени аргасыз абалда турган адамдар эмнелерди гана сүйлөбөйт. Аларды кечирип коюш керек”, - деп жазган 1998-жылкы эмгегинде Турдакун Усубалиев.

Маселенин чечүү түйүнү татаал

“Анжиян” суу сактагычындагы биринчи ГЭС 1985-жылы ишке кирген. Экинчи ГЭС болсо 2010-жылы иштей баштаган. Экөөнүн кубаттуулугу жалпы 190 мегаватт. Бул Кыргызстандын «Үч-Коргон» ГЭСи менен (180 мегаватт) тең болуп калат.

Кезинде айрым адистер “Кемпир-Абад” же “Анжиян” суу сактагычы менен ГЭСин өзбек бийлиги Кыргызстандагы “Токтогул” ГЭСине атаандашып курган деп айтып жүрүшөт. Албетте, бир эле бул объект эмес, өз аймагында мындан башка да ондогон суу сактагычтар муну менен чогуу салынган.

"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычынын Google Maps сервисиндеги 3D көрүнүшү. Мында плотинанын азыраак бөлүгү Кыргызстандын аймагында турары даана көрсөтүлгөн.
"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычынын Google Maps сервисиндеги 3D көрүнүшү. Мында плотинанын азыраак бөлүгү Кыргызстандын аймагында турары даана көрсөтүлгөн.

Ал ортодо чек ара көйгөйү чечилбесе, ал артынан башка да маселелерди алып келип жатканын белгилегендер “Кемпир-Абад” суу сактагычы маселесин көп созбой чечиш керек деп эсептешет.

Илимпоз Курманалы Матикеевди кайра угалы:

“Менимче, азыркы бийликтин көйгөйдү чечүү сунушу колдоого арзып жаткан. Жанагы 900 горизонтал деп жатканы да туура эле болчу. Муну менен жогору жактан бир топ жер бошойт. Бирок суунун орду, жер бизде эле калат. Ушундай вариант туура эле болуп жаткан, ага каршы элди алып чыккандын зарылчылыгы жок эле. Биздин плотинаны алышыбыз мүмкүн эмес. Анткени ал союз учурунда чечилип калган. Аны азыр алам десең, эл аралык жаңжал чыгат. Ошондуктан маселени тынчтык жол менен эле чечип, сууну чогуу пайдаланыш керек”, - деди ал.

"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычынын аймагы. Бул жерди Өзбекстандын аскерлери кайтарат.
"Кемпир-Абад" же "Анжиян" суу сактагычынын аймагы. Бул жерди Өзбекстандын аскерлери кайтарат.

Ошол эле убакта айрымдар суунун ордун берүү менен Кыргызстан жерге де-юре ээлик кыларын, бирок де-факто ээлик кыла албай турганын эскертишет. Жергиликтүү тургун Элбек Базаров маселени дагы чечмеледи:

“Бул жерде бийликке эч ким “суу сактагычты сатып жиберди” деген айып коюп жаткан жок. Жөн гана “эгер, Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбаса, чечкенден көрө чечпей эле койгула” деп жатышат. Ошол жердин тургундары менен кеңешпей, өзүм билемдик кылып чечкендик бул жакшылыкка алып барбайт. Биринчи элден сураш керек. Бул жерде башкалар айтып жаткандай жөн эле суу өтүп жаткан жок, астындагы жер да кетип жатат. Азыр Өзбекстан калп эле “тоспойбуз” дей берет, эртең кырдаал өзгөрсө дароо суу сактагычтын берки бетине зым тор орнотот. Бул деген сөз чек ара Өзгөн шаарынын кырына, Бишкек-Ош жолунун боюнча чейин келип калат деген сөз. Жерди берип коюу, суу сактагычты берип коюу менен маселени чечүү, иттен оңой иш. Мындай жол менен чечиш керек болсо, мурдагы президенттер деле чечип салышмак да. Алар ушундай сөзгө калбайын деп, Кыргызстандын кызыкчылыгын сактайын деп, бул маселеге киришкен эмес. Биз мурдагы келишимдерди карап, тең ата абалда сүйлөшүүгө бара алсак гана буга киришүү керек. Антпесе, биз өзүбүздүн позициябызда калганы жакшы, биздин пайдабызга чечилбесе, бардыгы ошол абалда калыш керек”.

“Кемпир-Абад” же "Анжиян" суу сактагычынын Өзгөн тарабында Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 23-апрелден бери мөөнөтсүз акция өткөрүп жатышат.
“Кемпир-Абад” же "Анжиян" суу сактагычынын Өзгөн тарабында Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 23-апрелден бери мөөнөтсүз акция өткөрүп жатышат.

Географиялык жактан алганда “Кемпир-Абад” суу сактагычынын аянты Кыргызстандын Ош облусунун аймагында турат. Анын ичинде Өзгөн районунун жана Кара-Суу районунун жерлери бар.

Резервуарга Өзгөндөгү Жазы дарыясы жана Куршаб дарыясы, Кара-Кулжа жана Тар дарыяларынан бириккен Кара-Дарыя суу куят.

Активист Мирлан Ураимов да маселенин түйүнүн чечүү үчүн бир нече варианттар бар деп эсептейт:

“Өзбекстан суу сактагычка байланыштуу Кыргызстан менен түзгөн келишимдерин таптакыр аткарбаганы баарыбызга маалым болуп турат. 219 чакырым жерге канал куруп, Баткен облусунун аймагында миңдеген гектар жерге суу жеткириш керек эле. Мындан сырткары “үйлөргө суу чыгып кетсе, ага компенсация төлөп беребиз” деген шарттары бар эле. Бирине да жардам берилген эмес. Алар ушунун баарын аткарбаса, анда эмне үчүн Кыргызстан алардын алдына жүгүнүп, алардын шартына көнүп бериш керек. Кыргызстан келишимди 100% аткарып берди, Өзбекстан болсо 10% гана аткарган. Ошондуктан жогоруда айтканымдай, келишим жокко чыгыш керек. Суу сактагычты чогуу башкарууга өтүшүбүз шарт. Болбосо, чек ара ошол боюнча калыш керек да, плотинанын биз жагында жайгашкан жерине Кыргызстандын адистери отуруш керек. Ал эми суунун үстү менен өткөн чек ара сызыгын да белгилеп, эки тарап өз-өзүнүкүн карасын. Европа өлкөлөрүндө билесиңер да, деңиздин жарымы наркы өлкөгө, жарымы берки өлкөгө карайт, ошентип бөлүп алалы. Буга көнүшпөсө анда суу сактагычын бузуп алып кетишсин да, биздин жерлерди бошотуп беришсин”, - деди ал.

“Кемпир-Абад” суу сактагычынын Өзгөн тарабында, ушул эле райондун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 23-апрелден бери мөөнөтсүз нааразылыгын улантып жатышат. Алар дөңсөөдө бир нече боз үй тигип, күнү-түнү ошол жерде отурушат.

Бул арада чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келе турганы белгилүү болду.

УКМКнын төрагасы, чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтөрүн билдирди. Маселенин калган өңүтү мына ушундан кийин дагы да тагыраак көрүнчүдөй.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG