Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

Аркадий Дубнов: чек арадагы чыр кокустук эмес


Аркадий Дубнов. Борбор Азия боюнча эксперт.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы курчуган кырдаалдын келип чыгышы жана эки тараптын куралдуу чыр-чатагына негиз болгон, алдын ала мерчемделген жагдайлар тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Аркадий мырза, чөлкөмдөгү чек ара чырынын себептери мурдатан эле белгилүү. Чек аранын такталбаганы, жер-суу ресурстарынын таңкыстыгы. Мунун бардыгы акыркы жылдары бир нече ирет көтөрүлүп келген. Бирок эмне үчүн бул чыр-чатак азыр чыгып, ушунчалык тез от алды?

Аркадий Дубнов: Мени өзгөчө бир-эки жагдай кооптондурду. Анткени биринчиден, саат сайын тездик менен тутанган бул куралдуу чыр-чатак Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө (ЖККУ) мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйналышы аяктай электе башталып жатат. Демек, азыр бул жагдай тажик жетекчилигине кайсы бир согуштук аракеттерди жүргүзгөнгө ыңгайлуу болгон десек болобу? Мында ал жакка чогулган мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары бул чатактын чыгышына Дүйшөмбүнү түздөн-түз айыптоого батынбай, жок эле дегенде, андагы мамлекеттердин өкүлдөрүнөн тажик бийлигинин дарегине кандайдыр бир сын-пикир түшпөй калат деген ниет жаткандай. Бул мына ушундай алдын ала ойлонулган айлакердик болушу мүмкүн.

Экинчиден, жетекчилеринин бири Дүйшөмбүдө жыйында отурса, кээ бирлери башка жактарда жүрүшсө, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев саламаттыгынан улам, чет өлкөгө чыгып кетсе, ушундай учурда мындай чатакты чыгаруу Кыргызстандын кызыкчылыгында эмес болчу. Ушундай кысталышта, анан калса өлкөдө ички саясий кырдаал жакшы эмес болуп турганда кыргыз тараптан кимдир бирөө ушундай согуштук аракеттерди баштоого кантип кызыкдар болмок эле? Бул жагдай алардын кызыкчылыгында эмес эле.

Дубнов: Чек арадагы чыр кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00

Ошондуктан мендеги маалыматтарга таянсак, Тажикстан ушунчалык ыкчамдык менен минометтор жана аскердик тик учактар сыяктуу олуттуу курал-жарактарды колдонуп, тынымсыз аткылган согуштук аракеттерди баштап жибергени “тажик тарап, Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавы менен материктик аймакты бириктирген жолго көзөмөл орнотууга алып келе тургандай ийгиликке жетишүүнү көздөгөн болушу мүмкүн”, деген аналитиктер арасында кооптонууларды жаратты.

Башкача айтканда, тажик тараптын бул аракеттеринен соң, Ворух анклав болбой калышы мүмкүн. Жыйынтыгында, Кыргызстан өзүнүн Лейлек районуна эркин өтө албай, Лейлек өзү кайра Тажикстандын ичиндеги анклавга айланып калышы ыктымал. Ошондуктан бул чатак кокустан чыкты дегенге болбойт.

"Азаттык": Сиз бул окуя кокусунан эмес экенин айттыңыз. Чыр-чатак чынында эле төмөн жактан чыгып жатабы же мында башка кызыкчылыктар да барбы?

Аркадий Дубнов: Менимче, бул аракеттерде карапайым адамдар колдонулуп жаткан эле аспап болушу мүмкүн. Мына ошол аспапты жогору жактагылар “жумушчу абалга” алып келип койду. Бул жерде кайсы бир тарапка, кимдир-бирөөгө экинчи жактын ички саясатындагы туруксуз кырдаалды жана саясий белгисиздикти пайдаланып, жеңишти камсыздай турган чакан согуш керек болуп турат.

"Азаттык": Эгерде бул тууралуу сөз боло турган болсо, анда ошол жеңишке алып келчү чакан согуш кимге керек деп ойлойсуз?

Аркадий Дубнов: Бишкек башында Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун сунуштаган. Ошондо, Тажикстандын жетекчилиги ага аябай катуу каршы чыгып, “эч кандай аймактарды алмаштыруу болбойт” деген агрессивдүү жооп кайтарганын эстегенде, менде расмий Дүйшөмбү маселени тынч жол менен чечүүнү каалабай, кырдаалды курчутуп, аскердик жол менен максатына жетүүнү көздөйт деген сезим болгон. Анткени ал өлкөнүн жетекчилиги өз элинин кызыкчылыгына иштеген чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, элди абдан мекенчил, абдан мобилдүү жана катуу келишкис лидердин айланасына бириктирүү болчу.

"Азаттык": Саясий ишмерлер ок атышуу менен кан төгүүнү убактылуу токтотууга даяр болушу ыктымал. Бирок чыр-чатакты толук чечүү тууралуу сөз жок. Бул чек ара чатактарын тарых барактарында гана калтыруу үчүн эмне кылуу керек?

Аркадий Дубнов: Биринчи кезекте эки мамлекеттин ошондой эрки, каалоосу болушу зарыл. Бирок мен андай каалоону көрбөй турам. Экинчиден, сырткы өнөктөштөрдүн чоң басымы болууга тийиш. Тилекке каршы, мен бул маселени жөнгө салууда Орусиянын чечкиндүү мамилесин жана аракетин көргөн жокмун.

Ташкент бул окуяга карата тынчсыздануусун билдирип жатса, ал эми Москва Мария Захарованын оозу менен “ кырдаалды байкап турабыз” деген гана билдирүү жасалды. Эртерек байкаш керек болчу. Азыр токтоосуз түрдө согуштук аракеттерди токтотуу боюнча катуу чараларды көрүү керек. Азыр эмнегедир ага шашылбай турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG