Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

“Чек арадагы чырды президенттер гана токтото алат”


Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду. Таш ыргытуу ок атышууга айланып, эки тараптан тең ондогон адамдар жаракат алды. 28-апрелде башталган чыр Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан суу бөлүштүрүүчү түйүндөгү талаштан улам чыккан.

Чек арадагы жагдай “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жана мурдагы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу катышты.

“Азаттык”: - Баткенде абал курч бойдон калууда. Мурдараак Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районундагы Ак-Суу дарыясындагы башкы, же эл оозунда “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайда “тажик тарап камера орното баштаган, негизги чыр ошондо башталган” деп кабарлап жатат. Тажикстандын тиешелүү органдары окуянын түпкү себебин так айтпаганы менен, "чырды кыргыз тарап баштаган" деп билдирүүдө.

Карамат айым, сиз соңку кырдаалды кандай баалап жатасыз? Эмне үчүн мындай кырдаал жаралды?

Карамат Орозова
Карамат Орозова

Карамат Орозова: - Азыркы кырдаал абдан оор. Чек арада мындай окуялар бүгүн эле башталган жок. Көпчүлүк 30 жылдан бери болуп жатат деп айтып жүрүшөт, мен андан да узагыраак деп айтат элем. Себеби 1986-жылы, СССРдин убагында тажик тарап Ак-Сай аркылуу Ворухка бастырып киришкен. Өзбек ССРинин айланасында аскер базасындагы тик учак менен элди алып чыкканбыз. Ошол күндөн бери эле абал курч бойдон. Ошол көйгөйлөрдү чечүүдө, иш билгиликтин жоктугу ушуга алып келип жатат.

Экинчиден, эки мамлекет тең чек араны чечүүдө өзүнүн кызыкчылыгын бербей келет. Биздин берген сунушта алардын Воруху анклавда кала берет, алардын берген сунушунда биздин Лейлек району, Исфана шаары жана башка айылдар анклавда калып калат. Бирок ушундай оор кырдаалга жеткирбестен, тынчтык жол менен чечпесек болбойт.

“Азаттык”: - Досбол мырза, чек арада чыңалуу сакталып турат. Тирешти, чыңалууну басаңдата турган жол барбы? Анткени азыр таразада жергиликтүү элдин коопсуздугу деген маселе турат.​

Досбол Нур уулу
Досбол Нур уулу

Досбол Нур уулу: - Бул жерде мамлекет башчылары колго алышы керек. Ок атууну токтотуу эки өлкөнүн президенттеринин гана колунан келет, ошолор гана чече алат. Анткени аскердик жактан башкы командачы болуп, президенттер эсептелет. Биринчи кезекте биздин президент Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен байланышып, сүйлөшүү жолу менен тез аранын ичинде ок атууну токтотуу керек. Андан кийин үстөлгө отуруп, сүйлөшүүнү кайра улантуу керек. Бирок биздин жетекчилердин чабалдыгынан, тилинен жаңылгандыгынан, туура эмес жүргүзгөн саясатынын натыйжасында ушул абал курчуду.

Бир эле Тажикстан эмес, Өзбекстан менен да мамилебиз мурдагыдай эмес. “100% чечтик” деп жарыялап жибергени, бул абдан одоно ката болду. Азыркы мезгилде сүйлөшүүлөр ич ара гана жүрүшү керек, аны жалпы коомчулукка жарыялаш керек. Президенттер бекиткенден кийин, Жогорку Кеңеш ратификациялагандан кийин чечимдерди ачык айтышы керек. Сүйлөшүүнүн биринчи айлампасында эле минтип жарыялаганы бул эки элди кайраштыруу. "Козу-Багланда суу сактагыч курабыз" дегендин өзү, бул тажиктер менен макулдашпай туруп, абалды курчутканга алып келүүдө.

Азыркы чырдын себеби, бир эле “Башкы” (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайда эмес, түпкү себеби тереңде болуп жатат. 1989-жылы аскерлери Баткенде менин айылыма чейин кирип келишкен, кийин 1990-жылы Ош окуясы чыгып кетип эле ал унутта калып калган.

“Азаттык”: - Кеп болуп жаткан Ак-Суу дарыясындагы суу бөлүштүрүүчү жайды эки тарап тең өзүнө таандык экенин айтып жатышат. Эмнеге бул жер талаштын предметине айланып жатат? Тарыхый документтерде анын орду так көрсөтүлгөнбү?

Досбол Нур уулу: - Тарыхый документтерде, биз союздун курамында турганда мен карта менен иштегем. Ошон үчүн Аскар Акаевич кызматта турганда мага тапшырган. Биздин карталар шарттуу гана болгон. Качан гана биз бөлүнө баштаганда, 1974-жылы башталып, 1979-жылдары канал ишке киргенде ал жер, ортолук эле Советтер Союзунун жери болгон. Булардын максаты бизди кысып, кааласа Баткенге суу берип, каалабаса бербей коюу максаты болгон. Так ошол максат менен азыр да жер талаш деген маселени чыгарып жатышат. Бул өзү туура эмес саясат. Бирок ал саясатты Тажикстандын бийлиги биздин азыркы бийлик өкүлдөрүнүн сөзүнөн кийин, пландуу аракет менен башташканынан күмөн санабайм.

Мында суу бөлүштүрүүчү негизги изи менен бараткан дарыя Тажикстанга кирип кетет, куду ошол жерден бөлүштүрүлө турган суу атайын курулган канал менен Кыргызстанга, Баткендин “Төртгүл” суу сактагычына куят. Бул - союздун бөлүштүрүшү. Мына ушул суу бөлүштүрүүчү жайды өкмөт башчысы парламентке барып алып, “муну алдырып койгон экенбиз” деген сөзү ушул окуяларга катализатор болуп берди. Мына азыр да премьер-министрибиздин сөзүн кармап алып, чек ара бөлүктөрүнө жана үйлөргө чабуул коюп жатышат. Эки мамлекеттин ортосунда ок атышпоо тууралуу да келишимдер бар да, азыр ошол келишимдер да бузулуп жатат.

Карамат Орозова: - Чындыгында, ошол “Башкы” (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү түйүн Кыргызстандыкы болчу. Ага тажиктердин эч тиешеси болгон эмес. Курган, ушул кезге чейин оңдоп, караган, кайтарган, бардыгын Кыргызстан кылып келген, бизге карайт. Муну Тажикстан акыркы жылдарга чейин толук сезген, 2017-2018-жылдарга чейин бул боюнча маселе көтөрүшкөн эмес. Бирок алар ал жерге кызыкдар. Анткени ал жер суунун башы, сууну өздөрүнө көбүрөөк буруп алыш үчүн ушундай аракетке барып жатышат.

Бул жерде белгилеп койчу жагдай, кайсы бир сүйлөшүү болгондон кийин андан кийинки келишимдер парламентте бекитилиши керек. Бирок бизде Жогорку Кеңешке алып келбей эле кабыл алынып калган протоколдор мурдагы бийликтин тушунда да көп болгон. Ошонун баары бизде көйгөй жаратып жатат. Ошон үчүн дайыма биз Башкы прокуратурага ушул боюнча укуктук баа берсин деп айтып келебиз. Бирок акыркы мезгилде Камчыбек Ташиев сүйлөшүп келип, "келишим түздүк" деп жатат. Ал келишимдер Жогорку Кеңешке али келе элек. Негизи андай ратификациялоодон өтпөгөн документтер күчүндө болбойт, бирок коңшулар ошондой документтерди да бетке кармап, пайдаланып жатышат.

“Азаттык”: - Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны кошумча жетектеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдараак Тажикстандын Ворух анклавын алмаштыруу боюнча Дүйшөмбүгө сунуш берилгенин айтпады беле. Тажик президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавына 9-апрелде келген учурда аны алмашуу ыктымалдыгын четке каккан эле.

Мындан тышкары Ташиев Тажикстанга кеткен контрабанданы бууп, кошумча суу сактагычтарды куруу боюнча пикирин айткан. Азыркы кырдаал ушундай алдын ала жасалган билдирүүлөрдүн туундусу болуп жатабы?

Досбол Нур уулу: - Эки мамлекеттин ортосундагы жолугушуулар, Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү бул биринчи эле айлампа болду. Бул жактагы документтердин көбүн изилдедиби же жокпу, ал кишиге мен кепилдик бере албайм. Бирок бизге маалымат бергенде эле “Ворухту алмаштыра турган болдук, бул маселе чечилет” деген сөздүн өзү аларга канжардай тийди. Эгер ушундай сунуш берсе, алар кандай жооп айтканын күтпөстөн жарыя кылып жатабыз. Ошонун өзү аларга тескери таасир этти. Ошон үчүн Рахмон Ворухка чейин келип, туу көтөрүп, “бул жер - Тажикстандын ыйык жери” деп кетти. Бүтө турган ишти бүлүндүрүп койгондугу абдан өкүнүчтүү болду.

Бирок бир жерден мен Ташиевди колдогум келип турат, эгерде макулдашуу, тынчтык жолу менен чечебиз десек, Борбор Азияда, жалпы региондо тынчтык болсун десек, анда алмаштыруу керек. Ошого барышыбыз керек. Кеп Ворухту алмаштырабызбы, башканы алмаштырабызбы, сүйлөшүү жолу менен болушу керек. Кайсы жерге алмаштырабыз, кандай алмаштырабыз, механизмдери бышып жетилгенден кийин, ар бир жолуккандан кийин президентке жеткирип, ошондон кийин экинчи айлампа, кийинки кадамдар болуш керек. Түбөлүгү, эгер алмашылса, региондо тынчтык сакталат. Эгер алмашылбаса, тынчтык болбойт.

"Кемпир-Абад": Ташиевдин убадасы, элдин санаасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

“Азаттык”: - Адистер чек ара маселесинде ультиматум тили такыр максатсыз жана пайдасыз экенин, кандай татаал маселе болбосун дипломатиянын тили менен чечилиши керектигин белгилешет. Андай мүмкүнчүлүктү тараптар эмнеге пайдалана албай жатышат?

Карамат Орозова: - Мен билгенден Тажикстандан мамлекеттик комиссиясына Чоркух, Исфаранын, ошол жердеги жергиликтүү элдин мүчөлөрүнөн коюшат. Себеби алар, аны түп тамырынан бери билет. Ал эми бизде болсо мекеме аралык комиссия ошол жердеги аксакалдардан, адистерден кошпой жүрүшөт. Мына Досбол Нур уулу отурат, Мамат Айбалаев жана Султан Айжигитов отурат, ошолорду эмнеге кошушпайт? Ошолорду канча сунуштап, киргизе албай койдук. Мунсуз болбойт.

Албетте, эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөр дипломатиялык жол менен өтүүгө тийиш. Купуя сырлар айтылбашы керек. Бардык нерсе ачык болуп кеткендиктен жыйынтыгы ушундай болуп жатат. Себеби булардын чоң стратегиялык максаттары, пландары бар, ошолорду ишке ашыруу аракеттери башталды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG