Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Кескин: Вандык кыргыздар Баткендеги окуяга кабатыр


Абдулметин Кескин.
Абдулметин Кескин.

Түркияда үч жарым миңдей вандык кыргыз жашайт. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, айрым түрк басылмаларына билдирүү таратышты.

Түркияда байырлаган кыргыздар эки коңшу өлкөнүн ортосунда тынчтык орношун тилек кылып отурушат.

"Кыргыз түрктөрү" коомунун жетекчиси Абдулметин Кескин түрк элинин бул окуяларга карата көз карашы, айылдыктардын ой-толгоосу тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.

- Абдулметин мырза, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка карата түрк элинин көз карашы кандай?

- Негизинен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр-чатактар тууралуу түрк калкынын арасында "бул чатак курчуп баратат" деген өңүттө айтылып жатат. "Тажик элине аскери да кошулуп, абал курчуду" деген ойлор да айтылып жатат. Өзгөчө "Орусияда жана чет өлкөдө жүргөн тажикстандыктар бул окуяны козутуп жатат" деген божомолдор да бар. "Орозо айында маселе тезинен оңунан чечилип, жергиликтүү калк тынч жашоого кайтса экен" деген сөздөр айтылууда.

Албетте Түркия эки мамлекет орток бир чечимге келип, тынчтык сүйлөшүүлөр менен чечет деген позицияны кармайт. Анткени окуя мынча кооптуу болуп кетерин эч ким биле алган жок. Эң өкүнүчтүүсү - каза болгондор, жараат алгандар улам көбөйүп жатат.

- Вандык кыргыздар чогулуп, айрым түрк басылмаларга билдирүү тараттыңар. Бирдирүүдө эмнелер айтылды?

- Учурда Кыргызстанда кандайдыр бир окуя болсо түрк медиасы бизден маалымат сурашат. Анткени 45 жылдан ашык убакыттан бери Түркияда жашаганыбыз менен улутубуз кыргыз эмеспи. Андыктан болуп жаткан окуяларды туура, так айтып бергенге аракет кылып жатабыз.

Түркияда ушул тапта бул жаңжал боюнча "Баткен илгертеден бери Кыргызстандыкы, кыргыздардыкы. Эки коңшу өлкөнүн маселесин ал өлкөлөрдүн башчылары туура чечет" деген сыяктуу маалыматтар тарап жатат.

Бир четинен президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы сапарында президент Шавкат Мирзиёев менен өз тилдеринде сүйлөшкөнү да Түркияда жылуу кабыл алынган. Анткени түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын мындай "жылуу" сүйлөшүүсү биринчи жолу болуп жатат десем жаңылышпайм. Ал эми кыргыз-тажик чек ара маселесинде да Жапаров ушундай эле дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен жаңжалды чечет деген үмүттөбүз.

Улуу Памир айылынын аксакалдары.
Улуу Памир айылынын аксакалдары.

- Түркиядагы вандык кыргыздар үчүн Кыргызстандагы окуялар кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз?

- Чынын айтсам чек арадагы окуялар бизге чоң таасирин тийгизди. Өзгөчө каза болгон, жараат алган жигиттерди, өрттөлгөн айылдарды, үйлөрдү Интернеттен көрүп кабыргабыз кайышып турат.

- Улуу Памир айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы окялардан кабардарбы? Эмне деп жатышат?

- Албетте айылдыктар Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды өзгөчө соцтармактардан угуп, билип, талкуулап жатышат. Акыркы чек ара көйгөйүнө айылдагы аксакалдар баш болуп, жаштар менен чогуу сүйлөшүп, каза болгондорго куран окуттук. Ушул чыр-чатак тез арада бүтсө экен деп тилек отурушат. Каза болгондордун жакындарына, жалпы эле кыргыз элине көңүл айтабыз.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG