Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

ТүркПА кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга камтамачылык билдирди


Баткен. 30.04.2021
Баткен. 30.04.2021

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирди. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилейт.

“Деструктивдүү күчтөр кооптонууну жаратат, алардын аракеттери мыйзамга ылайык эки тараптан тең катуу кысымга алынышы керек. Анткени мындай кырдаалдын кесепети бүтүндөй регион үчүн закаласын тийгизет. Ушундан улам Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козутууга түрткү берген чагымчыл аракеттерге берилбөөгө, токтоолукту сактоого чакырыктары абдан маанилүү”, -деп жазылган билдирүүдө.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Ал эми Тажикстандан канча адам жабыркаганы тууралуу расмий кабар айтыла элек.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. 90 адам жараат алганы кабарланды. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG