Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Бишкек: чек ара чырында жараат алгандарга 150дөй киши кан тапшырды


Бишкек. Кан борбору. 30.04.2021
Бишкек. Кан борбору. 30.04.2021

Бишкекте кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жараат алгандарга бүгүн, 30-апрелде 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу республикалык Кан борбору кабарлады.

Аталган мекеме кан тапшырууну каалагандарга паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен келиши керектигин эскертти. Ошондой эле кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керектигин белгилейт.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Ал эми Тажикстандан канча адам жабыркаганы тууралуу расмий кабар айтыла элек.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. 90 адам жараат алганы кабарланды. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG