Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

ЕБ чек ара чырын жөнгө салууда Кыргызстандын аракетин кубаттады


Баткен шаары. 30.04.2021
Баткен шаары. 30.04.2021

Бүгүн, 30-апрелде тышкы иштер министр Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Буриан менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө телефондон сүйлөштү.

Казакбаев анда тараптар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жана кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирди. Ошондой эле ал Бишкек эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди карманарын баса белгиледи.

Буриан Европа Биримдигинин аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал кырдаалды жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын кубаттады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 30-апрелде Тажикстандын бийлик өкүлдөрү менен жолукканын билдирди. Ал бүгүн кечке чейин абал турукташат деп ишендиргенге аракет кылып жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Ал эми Тажикстандан канча адам жабыркаганы тууралуу расмий кабар айтыла элек. Ал эми Дүйшөмбүнүн журналисттери 90 адам жараат алып 10 киши мерт кеткенин жазышты. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG