Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Орусия: Коррупцияга каршы күрөш фондунун адвокаты кармалды


Иван Павлов оңдо.
Иван Павлов оңдо.

Абактагы орус оппозиционери Алексей Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун (ФБК) адвокаты Иван Павлов кармалды. Ал жетектеген "Команда 29" юристтер тобунун билдиргенине караганда, аны Орусиянын Коопсуздук кызматы 29-апрелде Москвадагы мейманканада кармап кеткен. Кесиптештеринин айтымында, адвокатка "жашыруун маалыматты ачыкка чыгарган" деген айып коюлуда.

Павловдон соң анын жубайы жана "Команда 29" юристтер тобунун IT-адиси Игорь Дорфмандын Санкт-Петербургдагы үйлөрү тинтилген.

Иван Павлов 20 жылдан бери мамлекеттик чыккынчылык, экстремизм беренелери менен айыпталгандарга юридикалык жардам берип келген. Ал чыккынчылыкка айыпталган “Коммерсант”, “Ведомости” гезиттеринин мурдагы журналисти Иван Сафрондун адвокаты. Мындан сырткары Коррупцияга каршы күрөш фондун экстремисттик уюм деп таануу боюнча иште коргоочу катары чыгып жаткан.

Ал ушул иштер боюнча Москвага жараянга катышуу үчүн келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG