Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Окко учкан жоокер Кубанычбеков Баткенге эки апта мурун барган


Эсентур Кубанычбеков
Эсентур Кубанычбеков

Мамлекеттик чек ара кызматында 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 29-апрелде белгисиз ок атуучу куралдан атылган октон каза болгон. "Азаттык" радиосу бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан алды.

Кубанычбековдун айылдаштарынын айтымында, ал соңку учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарындагы бөлүмүндө иштеп жаткан. Баткенге 12-апрелде которулуп кеткен.

Эсентур Кубанычбеков Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Үч бир туугандын экинчиси. Бир жашында атасы каза болуп калган.

Ал Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте 8-класска чейин окуган. Андан кийин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Улуттук аскер лицейинде окуусун уланткан. Кийинчерээк Орусиядан аскердик билимин жогорулатып келген.

Кубанычбековдун сөөгү эртең, 1-майда өзү туулуп өскөн Ак-Муз айылында жерге берилет.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 29-апрелде Кыргызстандын чек ара кызматынын үч жоокери мерт болду.

Ошондой эле кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, жергиликтүү журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (BsB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG