Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Чек ара чырында үч аскер каза таап, дагы 20сы жарадар болду


Баткен. 29.04.2021
Баткен. 29.04.2021

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 29-апрелде Кыргызстандын чек ара кызматынын үч жоокери мерт болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлады.

Каза болгон аскерлердин бири 30 жаштагы Эсентур Кубанычбек уулу экени белгилүү болду. Анын сөөгү Нарын облусунун Ат-Башы районунда эртең, 1-майда жерге берилери кабарланды.

Ошондой эле кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Жараат алгандардын 25и Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, жергиликтүү журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG