Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

СOVID-19: алты бейтап каза болду, оору дагы 331 адамга жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 30-апрелдеги маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирустан алты бейтап каза болду. Вирустан көз жумгандар Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө катталган. Муну менен коронавирустан каза тапкан адамдардын саны 1604 адамга жетти.

Акыркы суткада 331 кишиден вирус жаңы аныкталды. Көбү Бишкекте (211) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 95 275 адамга жетти.

Бир күндө 268 адам сакайып чыкты. Учурда 1477 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 76 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кийинки аптадан тартып кошумча стационарлар ачылары айтылган. Ага жараша дарыгерлердин мобилдик бригадаларынын саны да көбөйөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкектеги, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эл аралык COVAX программасынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уруксат берген "AstraZeneca" вакцинасынын 400 дозасы келери күтүлүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG