Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Артем Новиков: аскерлерди ордуна кайтаруу аракети жүрүп жатат


Баткен. 29.04.2021
Баткен. 29.04.2021

Куралдуу кагылышуу жүргөн аймактардагы аскерлерди жана техникаларды ордуна кайтаруу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде вице-премьер-министр Артем Новиков “Азаттыкка” билдирди.

“Абалды турукташтыруу менен эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыктарын күтүп жатабыз”, -деди вице-премьер министр.

Чек арадагы соңку окуялардан улам өкмөттө атайын жумушчу топ түзүлгөн жана аны Новиков жетектеп жатат.

Соңку маалыматка караганда, айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды. Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү.

Кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен шаарындагы алты мектепте убактылуу жай ачылып иштеп жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG