Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Травматология жана ортопедия борборуна түшкөн 14 бейтаптын абалы орто


Травматология жана ортопедия борбору. 2021-жылдын 30-апрели.
Травматология жана ортопедия борбору. 2021-жылдын 30-апрели.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыркагандардын 14ү Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу 30-апрелде саат 10:40та оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын жетөө аскер, бирөө милиция кызматкери, калгандары жай тургундар. Баары эркектер. Аялдар, балдар жок.

Бейтаптардын абалын дарыгерлер орто деп мүнөздөп жатышат.

Оорукананын жети дарыгери Баткенге кетти.

Жараат алгандардын 25и Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.

Баткен жана Лейлек райондорунда кеминде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл жана май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG