Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Садыр Жапаров: чек арада чыңалууну күчөтпөө чаралары көрүлүп жатат


Баткен шаары. 30.04.2021

Мамлекеттик чек арада чыңалууну болтурбоо жана күчөтпөө боюнча чаралар көрүлүп жатат. Баткенге вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ иш алпарууда. Жумушчу топ жерине баргандан бери жаңжалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрдү. Мындай маалымат президент Садыр Жапаровдун “Фейсбуктагы” баракчасына жырыяланды.

Ошондой эле кыргыз-тажик тилкесиндеги абал турукташып, аны Жапаров көзөмөлгө алганы, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынганы айтылат. Мындан тышкары зарыл болгон дары-дармек, азык-түлүктөр Баткен облусуна жеткирилген.

“Эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын жана тажик өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар, окуянын себептери менен кесепеттерин талкуулады. Куралдуу кагылышууну токтотуп, жеке бөлүктөрдү жана аскер техникаларсын туруктуу жайларына чыгарып кетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюшту”, - деп жазылат маалыматта.

Соңку маалыматка караганда, айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти.

Ушуп тапта облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты. Бирок айрым маалыматка караганда, айрым жерлерде азыр дагы ок атылып жатканы угулууда.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG