Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Кан борборуна кезек күткөндөр көбөйүүдө


Бишкек. Кан борбору. 2021-жылдын 30-апрели.
Бишкек. Кан борбору. 2021-жылдын 30-апрели.

Бишкекте республикалык Кан борборуна барып кан тапшыргандар кезекке турууда. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 30-апрелде саат эртең мененки 11ге карата 100дөн ашык адам кан тапшырды.

Кезек күткөндөрдүн арасынан Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн аскерлерин, шаар тургундарын көрүүгө болот.

Кан борбору. 2021-жылдын 30-апрели.
Кан борбору. 2021-жылдын 30-апрели.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

134 бейтаптын 25и атайын учак менен Бишкекке жеткирилип, Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Доктурлар алардын экөөнүн абалы оор, калгандары орточо оор жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп баалап жатышат. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG