Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

“Кызыл жарым ай” баткендиктерге психологиялык жардам көрсөтүп жатат


"Кызыл жарым ай" коомунун ыктыярчылары. 30.04.2021
"Кызыл жарым ай" коомунун ыктыярчылары. 30.04.2021

“Кызыл жарым ай” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү чек арадагы жаңжалдан улам эвакуацияланган адамдарга психологиялык жардам көрсөтө баштады. Ошондой эле уюм Лейлек районундагы Рават айылына коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандарга 100 гигиеналык кийим-кече жана 500 жылуу жууркан жөнөттү.

Мындан тышкары уюмдун Ош жана Жалал-Абаддагы кызматкерлери жергиликтүү элге жардам берүү максатында Баткенге жөнөп кетишти.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды. Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү.

Айрым айылдар өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады.

Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG