Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Суваналиев: Тажик аскерлери кыргыз айылдарын басып алды деп айтуудан алыспыз


Өмүрбек Суваналиев. 2021-жылдын 30-апрели.

Кыргызстан 29-апрелде тажик аскерлери менен куралдуу кагылыш болгон айылдарды коңшу өлкө ээлеп алды деп эсептебейт. Бул тууралуу 30-апрелде саат 11де өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди:

“Куралдуу кагылыш кечээ болгон. Бирок аларды басып алды деп айтуудан алыспыз. Кишилер көчүрүлгөн жерлерде биздин посттор баары турат. Баткендин тегерегиндеги туугандарына кеткендерди кайра кайтарып жатабыз”.

Баткен облустук милициясы 29-апрелде Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылына Тажикстандын аскердик техникасы, Интернационал айылынын “Жилой дом” участогундагы кыргыз жарандарынын үйлөрүнө тажик аскерлери кирип алганын, Интернационал айылынын башчысын барымтага алышканын маалымдаган.

Суваналиев айыл башчынын барымтага алынганы жөнүндө маалыматты териштирип жатышканын айтты.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG