Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Өзбек президенти Жапаров жана Рахмон менен чек арадагы абалды талкуулады


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-апрелде кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды телефондон талкуулады. Бул тууралуу өзбек президентинин расмий сайтында кабарланды.

Анда абалды жөнгө салуунун жолдору талкууланып, бардык маселелер сүйлөшүү жана кеңешүү аркылуу, достук, ынак коңшулук жана өнөктөштүк маанайда чечилиши керектиги айтылганы белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ушул жылдын март айында кабыл алынган чечимдерди жана келишимдерди аткаруу тууралуу сөз болду.

Ушул эле күнү Мирзиёев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкууланганы белгилүү болду.

29-апрелде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы соңку жагдай боюнча билдирүү таратып, жабыр тарткандар көбөйүп бара жаткандыктан коңшуларды ынтымакка чакырган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (BkA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG