Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Уларбек Шаршеев: өрт чыккан чек ара тозоттордон жоокерлер кеткен жок


Баткен. 29.04.2021
Баткен. 29.04.2021

Кыргызстандын аткыланган беш чек ара тозотунда аскерлер кызмат өтөөсүн улантып жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев “Азаттыкка” маалымдады.

“Ал жакта өздүк курам бар болчу. Айрым имараттар күйүп кетти, калганы жакшы эле. Ал тозотторду алдырган жокпуз. Жаңы имараттар күйүп кеткенде, жанындагы эскиге көчүштү. Учурда аскерлер турат”, - деди Шаршеев.

Чек ара тозотторунун бешөө аткыланып, өрт чыккан. "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук", "Кожогар" жана "Булак-Башы", жана "Достук" заставасынын имараты толугу менен күйүп кеткени тууралуу видеолор тараган.

Аталган чек ара тозоттору тууралуу Тажикстан расмий маалымат бере элек.
29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал кескин курчуп, ок атуу, адам өлүмү менен коштолду. Эки тарап ок атууга байланыштуу бири-бирин айыптап жатат.

30-апрелдин эртең мененки саат 7:50сүнө карата расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Ал эми жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Тажик тараптан онго жакын адам жараат алганы 29-апрелде кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG