Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Чек ара чырынан жабыркагандарга гумжардам чогултулуп жатат


Бишкекте чек ара чырынан жабаркагандарга гумжардам чогултулууда
Бишкекте чек ара чырынан жабаркагандарга гумжардам чогултулууда

Бишкектеги активисттер кыргыз-тажик чек арасынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуп жатат. Акциянын уюштуруучуларынын бири Токтошбай Муктар уулунун айтымында, эки фура Бишкектеги Ош базарына жакын аймакка токтотулган.

“Азык-түлүк, жылуу жууркандарды чогултуп жатабыз. Акцияны Ош базардан баштадык. Жардамды Бишкектеги колу ачык адамдар берип жатышат. Азырынча фуралар толо элек”, - деди.

30-апрелде Ош шаарынын мэриясы Баткенге 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер менен биргеликте дагы 2 млн. сомдук азык-түлүк жөнөттү.

Мындан тышкары Кыргызстандын жер-жерлеринде Баткенге гумжардам жөнөтүү демилгелери көтөрүлүп жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG