Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште чек ара маселесин көтөрдү


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Кыргызстандын премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды. Өкмөт башчы бул тууралуу Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.

“Биз Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен түзүлгөн кырдаалды талкууладык. Анда саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жөнгө салууга даяр экендигибизди билдирдик. Кыргыз тарап ок атууну токтотуу жана конструктивдүү сүйлөшүүнү улантууга макул”, - деди Марипов.

Марипов менен Расулзода 29-апрелде Казанда жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Марипов Орусияда жумушчу сапар менен жүрөт. Ал кечээ, 29-апрелде орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолуккан. (MiK)

XS
SM
MD
LG