Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Еврошаркет Бишкек менен Дүйшөмбүнү чырды ырбатпоого чакырды


Европа Биримдигинин дипломатиялык мекемеси болгон Европанын Тышкы байланыштар кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалдан улам билдирүү таратты. Анда Еврошаркет коңшу мамлекеттердин ок атууну токтотуу жана чек ара маселелерин саясий жол менен жөнгө салуу келишимин кубаттаган. Бирикме эки өлкөдөгү дипломатиялык байланышта болуп турганын белгилеген.

“Айрым райондордогу кагылыштар орун алып жатканын эске алуу менен кырдаалды тынч жана бекем жөнгө салуу боюнча келишимди аткаруу керек. Эки тарап тең мындан ары чыр-чатакка жол берөө үчүн бардык керектүү кадамдарды жасашы зарыл. Евробиримдик чек ара жана суу ресурстарын башкаруу боюнча регионалдык программалар аркылуу керектүү техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин ЕБдин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан менен Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөшкөнү кабарланган.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал кескин курчуп, ок атуу, адам өлүмү менен коштолду. Эки тарап ок атууну баштоого бири-бирин айыптап жатат.

30-апрелдин эртең мененки саат 7:50сүнө карата расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Ал эми жараат алгандардын жалпы саны - 134 адам. Тажик тараптан онго жакын адам жараат алганы 29-апрелде кабарланган.

Тажик бийлиги жабыр тарткандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 12 жаран мерт болгонун жазып, тизмесин жарыялады. Маалыматка караганда 90 адам жараат алды.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы соңку абал тууралуу БУУ, Орусия жана Борбор Азиядагы айрым өлкөлөр үн каткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG