Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Баткен: Ок тийген окуучу кыздын сөөгү жерге берилди


Мадина жана Нурдиана Рахматжановалар.
Мадина жана Нурдиана Рахматжановалар.

Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын сөөгү 30-апрелде жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна маркум кыздын айылдашы, Интернационал айылынын тургуну, медицина кызматкери Роза Калдарова билдирди.

Анын айтымында, окуя 29-апрелде болгон, кыздын апасы ок атыла баштаганда айылдан качып чыгууга аракет кылган:

“Нарбү деген санитар келин бар бизде. Ошол эки кызын алып качып келе жатса бир кызына миномет тийгенби, өтүп кетиптир. Мына, саат үчтө жаназасы болду. Өзүнө төрт ок тийген экен. Экинчи кызынын бутуна тийиптир, Бишкекке алып кетишиптир”.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, Мадина Рахматжанова ооруканага жетпей көз жумган. Апасын жана 11 жаштагы сиңдиси Нурдиананы алгач Исфанадагы Лейлек райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырышкан. Кийин экөөнү тең Бишкекке которушкан.

Айрым маалыматтарга караганда, ок атуу үзгүлтүксүз жүргөндүктөн апасы жараат алган кызынын жанына 40 мүнөткө чейин бара албай койгон.

Исфанадагы райондук оорукананын башкы дарыгери Алымкул Абдиев "Азаттыкка" билдиргендей, кыздын апасы колунан жана бутунан жараат алган, абалы орточо оор. Сиңдиси бутунан жараат алган, абалы жакшы.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин саат 18деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти, жараат алгандар 154.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (TD/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG