Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

АКШнын Москвадагы элчилиги орусиялыктарга виза берүүнү чектейт


АКШнын Орусиядагы элчилиги
АКШнын Орусиядагы элчилиги

АКШнын Москвадагы элчилиги 12-майдан тартып консулдук кызмат көрсөтүүнү азайтат. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын элчилиги маалымат таратты. Ага ылайык, бул мөөнөттөн тартып дипломатиялык иш-чаралардан башка туристтик жана иш визаларын берүү токтотулмакчы. Мындай чарага Москванын талабы менен АКШнын консулдук кызматынын персоналынын 75 пайызга кыскарганы себеп болду.

23-апрелде орус бийлиги АКШнын дипмиссиясына чет өлкөлүк жарандарды кызматка алууга тыюу салган.

"Биз Орусиянын өкмөтү консулдуктун кызматкерлеринин санын кыскартууга мажбур кылганына өкүнүчтөбүз", -деп айтылат АКШнын элчилигинин билдирүүсүндө.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин "дос эмес өлкөлөр" деп таанылган мамлекеттердин элчиликтерине кызматкерлерди алууну чектеген мыйзамга кол койгон. Мындай өлкөлөрдүн тизмесин орус өкмөтү аныктамакчы.

2016-жылдын соңунан тарта эле Орусия менен АКШ өз дипмиссияларынын санын кыскартып келе жатат.

2017-жылы орус жарандары Кошмо Штаттарга виза алуусу кыскарган. Мурун Санкт-Петербург, Екатеринбург, Владивостокто виза алып келсе, учурда Москвадан гана ала алышат.

XS
SM
MD
LG