Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:58

Камбаралиева: Исфанада качкындар азык-түлүккө муктаж


Исфана шаарында четки айылдардан качып чыккан миңдеген качкын бар. Аларга гуманитардык жете электигин, баарын жергиликтүү эл өзү камсыздап жатканын шаардык мэриянын бухгалтери Светлана Камбаралиева «Азаттыкка» айтып берди.

- Светлана айым, силер кабыл алып жаткан качкындардын абалы кандай?

- Мэрияда эки күндөн бери өзүбүз уюштуруп, элге колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Айылдардан качып чыккандар жука кийимчен келишкен экен. Исфана тоого жакын болгон үчүн бул жакта күн бир аз суук. Бут кийими жок келгендер көп экен. Социалдык тармактар аркылуу элге кайрылып, жылуу кийимдерди жыйнап, аларды муктаждарга таратып жатабыз.

- Мэриянын имаратында канча адам бар? Алар кайсы айылдардан келишти?

- Коммунизм, Кулунду, Ленин, Жаңы-Жер, Арка, Максат деген айылдардан качып келгендер. Бизде 20 миңден ашык качкын бар. «Баткенге Ак-Cай, Көк-Таш деген айылдардан 300дөй жаран барды» деп, жардамдын көбү ошол жакка кетип жатат. Бизге гуманитардык жардам жетпей жатат. Менин ата-энемдин үйүндө эле жети баласы менен бир келин, кош бойлуу дагы бир аял төрт баласы менен бар. Ушинтип үйлөргө бөлүштүрүп алып кетип, карап жатабыз. Ыктыярчылар акчасын акчалай, кийим-кече, азык-түлүктү элден жыйнап, кайра эле элге таратып жатышат.

- Кимдер жиберип жатат жардамды?

- Тыштан же бийликтен жардам келген жок. Өзүбүздүн эле жергиликтүү тургундардан көчөмө-көчө кыдырып жыйнап, кайра муктаждарга таратып жатабыз. Чогулган акчага памперс, гигиеналык каражаттарды сатып алуудабыз. Балким бийлик эми уюштуруп, айыл өкмөттөрүнө таратып жаткан болушу мүмкүн. Бирок андан кабарыбыз жок.

- Эмне жетишпей жатат?

- Тамак-аш менен жергиликтүүлөр камсыздап жатышат. Байпак, ич кийим, азык-түлүк жетишпей жатат, аны алганга акча да жок. Тыштан гумжардам келбесе, ички запас бир жума, он күнгө эле жетсе керек. Айтыш кыйын. Көп балалуу аялдар арбын экен. Балдар, кары-картаңдар, 100гө чыккан энебиз бар. Ал кишиге да памперс керек.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG