Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Талас: Баткенге гуманитардык жардам топтолууда


Талас шаары.
Талас шаары.

Таласта жаш активисттер кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга гуманитардык жардам топтоп жатышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна 1-майда акциянын уюштуруучуларынын бири Нурдөөлөт Молдали уулу билдирди:

"Атайын акча чогултуу үчүн кутучаларды койдук, азык-түлүк болобу, кийим-кече же төшөк болсо дагы аманат катары Баткен элине жардам жеткиребиз".

Ушундай эле акциялар облустун башка аймактарында да уюштурулуп жатканы айтылды.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Кыргызстандык миңдеген жай тургундар эвакуацияланды. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG