Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:51

Беларуста 14 киши “массалык башаламандык” үчүн түрмөгө кесилди


Пинск окуясын караган Брест соту, 23-март, 2021-жыл
Пинск окуясын караган Брест соту, 23-март, 2021-жыл

Беларус соту 14 кишини былтыркы президенттик шайлоодон кийинки наарызылык акцияларына чыгып, «массалык башаламандыкка» катышканы үчүн эркинен ажыратты.

30-апрелде Брест шаарынын соту айыпталуучуларды Пинск шаарындагы митингдерге катышканы үчүн 5-6 жарым жылдан кести. Алардын көбүнө Пинск шаарында полицияга бир нерсе ыргыткан, мүлктү талкалаган деген айып тагылган.

“Весна” укук коргоо уюму 14 айыпталуучуну тең “саясий туткун” деген категорияга киргизди.

Беларуста өткөн жылдын 9-августундагы президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Шайлоонун бурмаланган жыйынтыгына каршы жапырт нааразычылык иш-чаралары өтүп, анын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар кармалды. Бир нече активисттер, журналисттер кесилди.

1994-жылдан бери бийликте турган Александр Лукашенкону Беларустун БШКсы шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган. Бирок эл аралык коомчулук шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG