Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Коронавирус бир күндө сегиз бейтаптын өмүрүн алды, 477 кишиден табылды


Кыргызстан. Чүй облустук ооруканасы. Апрель, 2021-жыл.
Кыргызстан. Чүй облустук ооруканасы. Апрель, 2021-жыл.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 1-майда билдиргендей, алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көлдөгү ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1612ге жетти.

1-майга карата республика боюнча вирус дагы 477 кишиден табылды. Бул сентябрдан берки эң көп көрсөткүч.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (255), андан кийин Чүй облусунда (155), Ысык-Көл облусунда (28), Жалал-Абад облусунда (14), Нарында (9), Ош шаарында (8), Талас облусунда (5), Ош облусунда (3) учур аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда. Оор жугузгандар жана каза болгондор көбөйүп жатат.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 95 752, айыккандар 89 461 кишини түздү. Бир күн аралыгында 270 бейтап айыкты.

Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 1497 бейтаптын алтоосунун гана абалы канааттандыраарлык, 1057 кишиники орто оор, 362 оор, 72си өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 2191ге жетти. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG