Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

2-майдын аба ырайы


Кыргызстан. Кегети.
Кыргызстан. Кегети.

2-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолорунда кар жаайт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...19, күндүз 25…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 26…28 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG