Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Баткен: Чек арадагы кагылыштын курмандыктары 33кө, жаракат алгандар 163кө жетти


Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. 1-май, 2021-жыл.
Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. 1-май, 2021-жыл.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы тажик аскерлеринин аткылоосунан жаракат алгандардын саны 163 кишиге жетти. 33 киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 1-майдагы брифингде билдиргендей, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, медкызматкерлер иштеп жатат.

Бул 1-май, саат 12.00гө карата маалымат.

УКМКнын маалыматына караганда, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалды. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка аймагында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын көздөй ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган. Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти.

Тажикстандын расмий бийлиги комментарий бере элек.

Тажик бийлиги жабыркагандар тууралуу да расмий маалымат тараткан жок, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Ош-Баткен-Исфана автожолу өтөт. Бул жол эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 30-апрелдин кечинде ачылган болчу.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-2-май Кыргызстанда каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG