Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Орусия Европа Биримдигинин сегиз аткаминерине карата санкция киргизди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусия Европа Биримдигинин сегиз аткаминерине карата санкция киргизди, алардын арасында орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын иши боюнча баяндама жасаган франциялык депутат бар.

Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын мүчөсү, франциялык депутат Жак Мэрге жана дагы жети кишиге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды. Алардын айрымдары Навальный ууландырылганы боюнча иликтөө жүргүзүүгө катышкан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин саясатын “биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кандай жол менен болсо да тоскоолдук кылуу аракети” деп баалады.

Бейшембиде Европарламент Орусия Украинанын аймагына куралдуу аскер күчтөрүн киргизсе, Москвага каршы катаал санкцияларды жарыялоону сунуштаган резолюциянын долбоорун жактырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG