Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен кыргыз-тажик чек арасын талкуулады


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. 2-март, 2021-жыл
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. 2-март, 2021-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 1-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда “Эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташууга багыт алганын белгилешти” деп айтылат.

Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, бүгүн, 1-майда Тажикстан Ош-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин кайрадан толук тосуп койду. Чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда. Тажик тарап бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Кырдаал Кыргызстандын Лейлек районунда да курчуп баратканы кабарлануда.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG