Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

“Сурак кагаздарында кандын тактары калган". КГБ архивинен эмне табылды?


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

мазмуну

  • Кыргызстанда быйыл жыл башында Советтик репрессия курмандыктарын актоо мыйзамына президент кол койгон.
  • “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамга да өзгөртүүлөр киргизилген. Атайын комиссия жана анын алдында жумушчу топ түзүлүп, мурда жашыруун саналган КГБ жана башка архивдерди ачуу, изилдөө аракеттери жүрүүдө.

“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессия мыйзамы кантип ишке ашууда? Изилдөөчүлөр КГБ архивдерине кире алдыбы? Ушул тууралуу репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун мүчөлөрү, тарыхчылар Аида Кубатова жана Рыскул Жолдошов менен талкуулайбыз.

- “КГБ архивин ачса, эл арасына жик кетет, андай-мындай” деп келгенбиз. Архивде эмне бар экен?

Аида Кубатова: Архивдер жашыруун болгон сайын ошончолук имиштер, мифтер көбөйө берет экен. Азыр архив ачылды деп жарыяланганы менен Жумушчу тобунан эки гана киши кирип иштеп жатат. Негизи 19 кишиден турган топ КГБ архивининин ачыкка чыккан 680 кылмыш иши менен таанышып, карап чыкты. Бул жерде көбүнчө карапайым кишилердин репрессияга учурашы, ошолордун сурактары, кылмыш иштери бар экен. Аларга кандай айыптар тагылганы, сурак кандай жүргөнү тууралуу бир топ маалыматтарга ээ болдук. Кылмыш иштеринде “чыккынчылык”, “антисоветтик үгүт”, “Социал-Туран партиясынын мүчөсү” деген окшош эле айыптар.

Рыскул Жолдошов: КГБ (Мамлекеттик коопсуздук комитети - мурдагы НКВД) архивиндеги мен караган кылмыш иштеринин көбү Кытайдан келип калган уйгурларга байланыштуу. Аларга эки окшош берене менен эле кылмыш иштерин козгошкон. Биринчиси, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” (алар Кытайдан СССР аймагына өтүп келишкен), экинчиси “Анжияндагы Кытайдын консулу менен байланышта болуп, эл арасында антисоветтик ишмердүүлүк жүргүзгөн” деп айыпташкан. Айрымдары Кытайдан 1920-жылдардын башында, кээси 1930-жылдары СССР аймагына келген уйгурлар. Баарына тагылган айыптар окшош. Алардын 90 пайыздан ашыгы сабатсыз болгон.

Аида Кубатова: Негизинен биз карап жаткан мезгил репрессиянын туу чокусу болгон 30-жылдар. Башында кулакка тартуу, бай-манаптарды Кыргызстандын чегинен сырткары аймактарга сүргүнгө айдоо. Андан кийин совет бийлиги менен кызматташып, кабыл алып калган кишилер кайра репрессия болуп жатпайбы. 1937-38-жылдары “Тройка” бир кишинин тагдырын, өмүрүн чечип койгон. Тройкага НКВД кызматкери, прокурор жана ВКП(б)нын кызматкери мүчө болуп, өкүм чыгарышкан ред. - СССР ички иштер комиссары Ежов 1937-жылы 31-июлда кол койгон буйрукка ылайык, бул үчилтикке “антисоветтик элементтерди” тез талкалоо милдети жүктөлгөн). Биз архивдеги кылмыш иштери менен таанышкан учурда албетте, кыйноолор тууралуу айтылбайт. Бирок, айрым кылмыш иштеринде кандын тактары калып калган сурактар бар экенин көрдүк. Демек, мунун өзү кыйноолор болгонун ырастап турат.

Рыскул Жолдошов: 1937-38-жылдардагы репрессияны “мамлекеттик террор” десек болот. Сиз айткандай, буга мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар эле кабылган эмес. Карапайым кишилер арасында репрессиялангандар көп болгон. Анын ичинде болбогон аракеттери үчүн репрессиялангандар болгонун билдик. Мисалы, биздин жумушчу топтогу Насыйкат Дакенова деген кызыбыз карап, таанышып чыккан архивдеги кылмыш ишинде Сталиндин сүрөтүн дагы тиркешиптир. Көрсө, тир мылтыгы менен атып ойноп жатышып, Сталиндин илинип турган сүрөтүнө тийип калыптыр. Ошондо 1918-жылы туулган жигит ал маалда 20 жашта болуптур. Камакка алынып, адегенде сегиз жылга кесилип, кийин кайра иши каралып, акталган экен. Эми аны жанындагылар айтып карматышкан да. Бул жерден эмнени айткым келет? Мамлекеттик террор болгондо, диктатура орноп, элдин үнү кысылганда, кошоматчылык күчөйт экен. Эмне кылып жагынарын билбей, жанындагы киши бирдеме кылып койсо, дароо аны айыптап, айгак чыгат. "Ушуну айтып барсам, сыйлык болбосо дагы, мага көзү түз болот" деп ойлойт. "Жеңилдик болот, жакшы мамиле болот" деп үмүттөнөт окшойт. Репрессия жылдарында мындай айгак чыккан көрүнүштөр көп болгон.

- Мыйзамда “1918-жылдан 1953-жылга чейинки репрессияларда атууга кетип, куугунтукталып, лагерге айдалган миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук актала электиги белгиленген” эле. Толук акталбаган канча киши болушу мүмкүн?

Аида Кубатова: Болжолдуу санды айтуу кыйын. Буга чейин Болот Абдрахманов агай “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” деген он томдук китеп чыгарган. Ошондо 18 миңге жакын кишинин тизмеси жарыяланган. Балким, андан эки эсе көп болуп калышы мүмкүн. Мунун баары изилдөө, архив материалдар иштелип чыккандан кийин белгилүү болот. Ошол иштерди улантып жатабыз. Ушул мыйзамдын кабыл алынышынын өзү көп нерсеге жол ачты. 2017-жылдан баштап эле ушул мыйзам долбоорун ишке ашыруу аракеттери болгон. Бирок мыйзам кабыл алынбай келген. Быйыл президенттин кол коюшу, Жогорку Кеңеш тарабынан репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун түзүлүшү абдан жакшы көрүнүш. Бизге коңшу өлкөлөрдө бул жумуштар мурдатан эле колго алынып, жыйынтыктарын берген. Жашыруун делген тарыхый маалыматтарды ачыкка чыгарышты. Ошондуктан биздеги мыйзамды эгемендик жылдардан берки алгачкы кадам деп айтсак болот.

(Талкууну толугу менен видеодон көрө аласыздар)

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG