Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

ЕККУ эки өлкөнүн ок атышпоо келишимин туура кадам деп баалады


Хельга Шмид
Хельга Шмид

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арада ок атышпоо тууралуу макулдашканын «туура кадам» деп баалады. Бул тууралуу ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмид «Твиттердеги» баракчасына жазды.

“Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кооптуу болуп, адамдардын өмүрү кыйылганы трагедия. Ок атышпоо тууралуу кечээги макулдашуу туура кадам. Мен ЕККУнун алдындагы милдеттемелерди так аткарууга жана такай сүйлөшүүлөр аркылуу кырдаалды жөнгө салууга чакырам”.

30-апрелдин кечинде Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кеткен. Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө бөлүгү ачылып, каттам калыбына келген.

Ошондой эле Тажикстандын негизги бөлүгүн Ворух анклавы менен байланыштырган Исфара-Ворух жолу да ачылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасында 1-майдын саат 11:30уна карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти, жараат алгандар 154 болду.

Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качып чыкты.

Баткен облусунун Баткен районунун жана Лейлек районунун ондогон айылдары жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөлдү.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 12 жаран каза болгонун жазып, алардын аты-жөнүн жарыялады. ​Маалыматка караганда 90 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG