Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Лейлекке жөнөтүлгөн гумжардам артка кайтууда, тургундар жөө калганын айтып жатышат


Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.

Лейлекке жөнөтүлгөн гуманитардык жардам жол жабылгандыктан кайра артка кайтууга мажбур болуп жатат. “Азаттык” радиосунун кабарчылары 1-майда жеринен маалымдагандай, Лейлекке өтө албай кайра кайткан "Ош шаарынан Лейлекке жардам", "Алайдан Лейлекке жардам" деген сыяктуу жазуулар менен чоң Камаздар көп болду.

Жергиликтүү тургундар менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө алар кара май жок болуп, жөө калганын айтып жатышат.

Айрым маалыматтарга караганда, 1-майда түшкө жуук Лейлекте ок атышуу катталды. Райондук ооруканага жараат алгандар түшө баштаганы да кабарланууда. Бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасындагы 1-майдын саат 11:30уна карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады жана Тажикстан тарап Төрт-Көчө деген жердеги жолду толук тосуп койгонун ырастады.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт. Ал жер аркылуу Баткен районунан Лейлек районуна катташат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланган. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.(AiB/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG