Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

УКМК: Чек арада абал салыштырмалуу чыңалып турат, тажик тарапта аскердик техниканын кыймылы байкалууда


Баткен. Чек ара.
Баткен. Чек ара.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасындагы 1-майдын саат 11:30уна карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан тарап Төрт-Көчө деген жердеги жолду толук тосуп койду.

Ошону менен катар, атайын кызмат белгилегендей, чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда.

Тажик тарап бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG