Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Окко учкан чек арачы Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксыга коюлат


Маркум Нурсултан Манасбек уулу.
Маркум Нурсултан Манасбек уулу.

Баткенде 29-апрелде окко учкан чек арачы Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү бүгүн, 1-майда Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылында жерге берилет.

Тажиясы саат 12де болот. Маркум менен коштошуу зыйнатына жергиликтүү бийлик, Чек ара кызматынын өкүлдөрү, айылдаштары келишти.

Нурсултан Манасбек уулу Дейрес-Сай айылында 1992-жылы туулган. Төрт бир туугандын үчүнчүсү. Мектепти 2010-жылы аяктап, 2015-жылы жогорку аскердик окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле жылы Мамлекеттик Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүндөгү 3-топтун командири болуп дайындалган.

Ал 29-апрелде Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда окко учкан.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон.

29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Акыркы маалыматтарга караганда, окуяларда 31 киши каза болду. Анын үчөө чек арачылар.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Баткен облустук милициясы Тажикстан менен чектеш аймактарда 1-майга караган түн тынч өткөнүн, атышуу жана башка окуялар катталбаганын билдирди.

Интернеттеги социалдык тармактарда Баткен шаарында жана Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айрым айылдардын бир катар жашоочулары түндө кооптонуп, үйлөрүндө түнөбөгөнүн айтып жатышат.

Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, жараат алган 154 кишинин 23ү күч кызматкерлери. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG