Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Окко учкан окуучу кыздын энеси менен сиңдисине операция жасалды


Маркум Мадина Рахматжанова. Сүрөт анын атасынын уруксаты менен жарыяланды.
Маркум Мадина Рахматжанова. Сүрөт анын атасынын уруксаты менен жарыяланды.

Баткенде тажикстандык аскерлердин аткылоосунан каза болгон окуучу кыз, Лейлектин Интернационал айылынын тургуну Мадина Рахматжанованын апасы менен сиңдисине Бишкекте операция жасалды.

Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, экөөнүн тең абалы турукташып калды.

"Акыбалдары стабилдүү. Эне-кыздын буттарына ок тийген. Булчуң эттерин аралап өтүп кеткен. Майда осколка тийген жерлери да бар. Комада эмес".

Жумабеков жабыркагандарга психологиялык жардам берилип жатканын кошумчалады.

Мадинанын атасы Наимжан Абдуллов "Азаттыкка" маркум үч бир туугандын ортончусу экенин, Москвада иштеп жүргөн тун уулу Ошко учуп келип, Бишкекке, эне-карындашына жол тартканын, кызын акыркы жайга жалгыз узатканын маалымдады.

Анын айтымында, 49 жаштагы жубайы 29-апрелде тажик тараптан ок атыла баштаганда эки кызы менен айылдан качып чыгууга аракет кылган. Үчөөнө тең ок тийип, Мадина Рахматжанова ооруканага жетпей көз жумган.

Анын апасын жана 10 жаштагы сиңдиси Нурдиананы алгач Исфанадагы Лейлек райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырышкан. Кийин экөөнү тең Бишкекке которушкан.

Айрым маалыматтарда минометтон ок атуу үзгүлтүксүз жүргөндүктөн апасы жараат алган Мадинанын жанына 40 мүнөткө чейин бара албай койгону айтылууда. Кыздын сөөгү 30-апрелде Баткенде жерге берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG