Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Нарын: Баткенде каза болгон Эсентур Кубанычбеков жерге берилди


Эсентур Кубанычбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Эсентур Кубанычбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Баткендеги куралдуу кагылышта каза болгон Эсентур Кубанычбеков бүгүн 1-майда өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдаштары жана кесиптештери катышты.

Мамлекеттик чек ара кызматында 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 29-апрелде белгисиз ок атуучу куралдан атылган октон каза болгон.

Эсентур Кубанычбеков.
Эсентур Кубанычбеков.

Кубанычбековдун айылдаштарынын айтымында, ал соңку учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарындагы бөлүмүндө иштеп жаткан. Баткенге 12-апрелде которулуп кеткен.

Эсентур Кубанычбеков Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Үч бир туугандын экинчиси. Бир жашында атасы каза болуп калган.

Ал Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте 8-класска чейин окуган. Андан кийин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Улуттук аскер лицейинде окуусун уланткан. Кийинчерээк Орусиядан аскердик билимин жогорулатып келген.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты. (BsB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG