Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:08

Баткен: Чек арадагы ок атуулардан каза тапкандардын тизмеси жарыяланды


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы аткылоолордон каза болгон Кыргызстандын жарандарынын тизмесин жарыялады.

Алардын үчөө Чек ара кызматынын атайын даярдык даярдыктагы "Бөрү" тобунун аскерлери:

1. Кубанычбеков Эсентур, 29 жашта, капитан;
2. Бекзат Юлдашев, 29 жашта, прапорщик;
3. Нурсултан Манасбек уулу, 28 жашта, капитан.

Мындан тышкары тажик тараптан атылган октон каза болгон жергиликтүү 27 кишинин аты-жөнү такталды. Алар:

1. Махаматрасул Сайдаров, 36 жашта. Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;

2. Мадина Рахматжанова, 12 жашта. Лейлек районунун тургуну;

3. Баяман Абдрахманов, 23 жашта. Баткен шаарынын тургуну;

4. Сагын Каратаев, 44 жашта. Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну;

5. Сүйүн Тагаев, 52 жашта. Баткен шаарынын тургуну;

6. Алтынбек Каработоев, 39 жашта. Кадамжай шаарчасынын тургуну;

7. Рашид Үсөн уулу, 48 жашта. Баткен шаарынын тургуну;

8. Жамшит Ганиев, 31 жашта. Баткен районунун Чет-Булак айылынын тургуну;

9. Дастан Нурумбаев, 37 жашта. Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;

10. Мидин Махамадали уулу, 30 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;

11. Уланбек Мусаев, 30 жашта. Баткен шаарынын тургуну;

12. Чыңгыз Темирбаев, 26 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;

13. Салим Бахтияров, 58 жашта. Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;

14. Тынчтыкбек Эргешалы уулу, 30 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;

15. Турдубай Саттаров, 33 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;

16. Медербек Камчиев, 26 жашта. Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;

17. Жаркыбек Аманов, 33 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;

18. Мырзабек Абдрахманов, 30 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;

19. Султанбек Абдувахап уулу, 19 жашта. Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;

20. Өмүрбек Бахридин уулу, 18 жашта. Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;

21. Мовланбек Тажибаев, 31 жашта. Жаңы-Жер айылынын тургуну;

22. Алижан Тагайбаев, 31 жашта. Баткен шаарынын тургуну;

23. Дөөлөтбек Жигиталы уулу. 23 жашта. Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;

24. Тойчубек Исманов, 63 жашта. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;

25. Шухратбек Зикиров, 32 жашта. Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну;

26. Шумкарбек Арыпбай уулу. Жерлиги, жашы такталып жатат;

27. Анамидин Асанов, 49 жашта. Жерлиги, жашы такталып жатат;

Калган үч кишинин аты-жөнү азырынча тактала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG