Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Жаштык айылынын башчысы Муратов: Бизге жардам керек


Баткендин Лейлек районундагы айылдарга гуманитардык жардам жетпей жатат. Бул тууралуу Жаштык айылынын башчысы Акжол Муратов «Азаттыкка» билдирди.

- Акжол мырза, силердин айылда азыр кырдаал кандай?

- Азыркы учурда абал тынч. Кыргыз тарап да, тажик тарап да өз позицияларында турушат. Бири-бирин күтүп жатышкандай. Бирок бизге жардам керек.

- Тажикстан аскердик техникаларын жакын алып келдиби?

- Ооба, булар атайын даярданган. Танктарды, БТРлерди алып келишкен. Азыр дагы даярданып турушат. Биз болсо чоңдорду карап турабыз. Кандай келишим түзүлөрүн билбейбиз. Күтүп жатабыз.

- Социалдык тармактарда "аткылашууда" деген видеолор тарап жатпайбы...

- Ал кечээги видеолор. Биз кечээ түнгө чейин атышканбыз да. Түндөн бери токтоп турат. Азыр Жаңы жер айыл өкмөтү боюнча кырдаал тынч. Башка жактарда 10-15 мүнөткө созулган атышуулар болуп калууда.

- Гуманитардык жардам, күйүүчү май жетип жатабы?

- Кудайга шүгүр, гуманитардык жардам келип атат. Бирок аз. Лейлектин бардык аймагына жеткен жок. Арка жана башка айылдарда дүкөндөр иштебейт, эч нерсе жок. Суудан башка эч нерсе жок.

Биринчи кезекте жоокерлерди тамак-аш менен камсыздап турушубуз керек. Биздин айыл менен чек аранын ортосу 700-800 метр, ортодо талаа бар. Биздин жолду тажиктер басып алышкан, тосуп турушат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG