Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:05

АКШ аскерлерин Борбор Азияда калтырабы?


Америкалык жоокерлер Ооганстандан "Манас" аба базасына учуп келишти. 2009-жылдын февраль айы.

Маалымат каражаттарындагы айрым кабарлар америкалык аскерлердин бир бөлүгү Ооганстандан чыгарылгандан кийин Борбор Азияда калышы мүмкүн экендигин жоромолдоого жол ачты. Вашингтон буга чейин 20 жыл турган жеринен аскерлерин алып кетүү тууралуу маанилүү чечим кабыл алган.

15-апрелде америкалык “New York Times” басылмасы АКШнын расмий адамдары аймактагы базаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү максатында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кабарлады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Твиттерде" 22-апрелде Өзбекстандын жана Казакстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн маалымдады. Бирок анда АКШ менен НАТОнун башка аскерлеринин бул жердеги аскердик базаларын пайдалануу тууралуу кеп болгону айтылган жок.

Вашингтон менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда аскер базаларын пайдалануу боюнча келишим түзүлүп калса деле анысы жаңылык болушу кыйын, себеби бул аймакта мурда АКШ менен НАТОнун башка өлкөлөрүнүн аскер базалары турган.

Батыш аскерлеринин Борбор Азиядагы аскер базаларын 2001-жылдан 2014-жылга чейинки соңку пайдалануусу бир топ таарыныч-урунуч менен аяктаган. АКШ жана НАТОнун расмий өкүлдөрүнүн Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги аракетинин артында бир топ маанилүү жагдайлар бар.

Болгонбуз — билебиз

«Аль-Каиданын» 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттарга жасалган террордук чабуулдарынан кийин Вашингтон Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү менен байланышка чыгып, АКШ баштаган аскердик күчтөрдүн Ооганстанга жасалчу аракеттеринде Борбор Азия кандай роль ойнору талкуулаган.

Борбор Азия өкмөттөрүнүн ыкчам жардам берүүгө жол аччу бир нече ыктуу жүйөсү бар болчу. Түркмөнстандан башка төрт мамлекет чаарбаш «Талибан» кыймылынын согушчулары Ооганстандын түштүк-чыгыш тарабынан аларды карай жылып келатканын кабатырланып карап турушкан.

1998-жылдын августунда талибдер Ооганстандын чек арасына жакын Хайратон шаарын ээлешкен, аны Өзбекстандан Амударыя гана бөлүп турат. Бир айдан кийин талибдер Шерхан Бандарды ээлешти, бул болсо Тажикстан менен Ооганстан ортосундагы Пянж дарыясынын боюндагы маанилүү позиция.

Ооганстанды жапырып кирген АКШнын аскердик кампаниясынын артында ири эл аралык колдоо турган, Кошмо Штаттар 1990-жылдардан тартып Борбор Азия өлкөлөрүнө өлчөмсүз жардам көрсөтүп келген.

Мындан тышкары Кошмо Штаттар борборазиялык беш мамлекеттин көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган (1991-жылдын декабры), илгиртпей дипломатиялык мамилелерди орноткон өлкө болчу.

Жаңы өлкөлөрдүн эгемендигин Вашингтон тарабынан ыкчам колдоого алынышы алардын жаңы өкмөттөрүн жалаң эле Москва менен байланышпастыгын ырастаган.

Анан да Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду эсепке албаганда (2007-жылга чейин Рахмонов катары таанылган) Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 1990-жылдары Вашингтонго расмий визиттер менен баруу мүмкүндүгүнө жетишкен (Эмомали Рахмон гана ушул кезге чейин ал жерде расмий визит менен боло элек).

Буга кошумча, Кошмо Штаттары 1992 – 1997-жылкы жарандык согушка белчесинен батып калган Тажикстанга гуманитардык жардамды аянбай көрсөткөн ири донор өлкө болчу.

Ошентип Борбор Азиянын жаңы өлкөлөрү АКШ менен мамиле-катнаштарын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн көрүштү, Америка Кошмо Штаттары жана анын Батыштагы өнөктөштөрү менен кызматташуу аймак коопсуздугуна апачык коркунуч жаратып турган Ооганстандын ислам лашкерлеринин кол салуусунан кутулууга шарт түзөрүнө ишеништи.

11-сентябрга чейинки жагдай

«Талибандын» согушчандары жайылып, чек арага чукул кирип келиши Борбор Азия өлкөлөрүнүн баш оорусун пайда кылды, коопсуздук өзгөчө олуттуу проблемага айланды.

Түркмөнстан бейтарап саясатын карманып, ар кыл ооган топтору, анын ичинде «Талибан» менен тил табышып, жанкечтилердин ачуусуна тийбей, алар алдында милдеттенмелер да албай, ортолук мамилени тынч жөнгө салууга жетишти.

Анткен менен, Тажикстан, Өзбекстан тажик тектүү ооган колбашчысы Ахмад Шах Масуддун, этникалык өзбек ооган кол башчысы Абдула Рашид Дустумдун аскердик түзүмдөрүн учурунда колдоп чыгышкан.

«Талибандын» болжол менен 1997-жылдын мартында Кабул шаарын алгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмуна Тажикстан менен Өзбекстандан жардам алган оогандык атаандаш аскердик топтордун ишине ичи чыкпаганын айтып арызга отурган жайы бар, тажик өкмөтү Масуддун аскердик учактарын Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарындагы абамайданга жайгашууга уруксат бергенине нааразы болгон.

Тажикстан менен Өзбекстан өкмөттөрүнүн «Талибан» кыймылынын каршылаштарын апачык колдоосу исламчыл топтор менен аларды жактоочулардын бул өлкөлөргө басып киришине мүмкүнчүлүк берет.

1996-жылдын сентябрында талибдер Кабулду басып алышканда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда буга чейин болбогон ынтымак мамиле орногон. Алар жалпы душманга — «Талибан» менен исламчыл идеологияга каршы турушкан.

2001-жылдын жайына чейин талибдер Ооганстандын 95 пайызга жакын аймагын ээлеп калышкан.

Мына ушул жагдайдан улам кыргыз, тажик, өзбек өкмөттөрүнүн Кошмо Штаттарга мамилеси жумшарып, колунан келген жардамын АКШга, өнөктөштөрүнө берүүгө даяр экендигин билдиришкен, «Талибан» кыймылы менен жанкечти исламчыларга каршы күрөшүүгө аскер базаларынын жайгаштырылышына макул болушкан.

Өзбекстандын Ханабад базасындагы америкалык аскер.
Өзбекстандын Ханабад базасындагы америкалык аскер.

Американын куралдуу күчтөрү Өзбекстандын Ханабад, Кыргызстандын “Манас” абамайданында, анан кыска убакка Тажикстандын Куляб аэродромуна жайгаштырылган. Айтса, Кулябдагы базага аз илгерээк Масуд аскердик учактарын коюп турган.

АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн аскерлери да Борбор Азияга жайгаштырылган.

Германия Өзбекстандын Термез шаарынын жанындагы абамайданын, француз аскерлери Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы аэродромду пайдаланышкан.

Жаңы кызматташтыктын натыйжасы деле ыкчам билинди.

«Өзбекстан ислам кыймылынын» (ӨИК) башчысы Жума Намангани 2001-жылы америкалыктар Ооганстандын түндүк провинциясы Кундузду бомбалоо кезинде жок кылынды. «Талибанга» жан тарткан Борбор Азиядагы террордук топтор ич ара бөлүнүп, аман калган мүчөлөрү Пакистандын бийликке баш ийбес уруулары жашаган аймактарына качып кетишти.

Канча убакытка созулары белгисиз, ошондо Борбор Азиянын түштүк чек аралары тынчыгансып калган.

А бирок ооган өлкөсүнүн ич ара уруштары токтолгон жок, тараптар бири-бирине ыдык көрсөтпөй, азыноолок тынчтык орноп калган чакта талибдер күч жыйнап, алдыда болчу куралдуу кагылыштарга даярданып жатышкан, токтолбогон уруш кайра жанданып, өлкө аягы жок согуш өртүнө чулганып калды.

АКШ менен жарнакташтарынын Борбор Азиядагы базаларда узак убакыт туруп калышы олуттуу проблемага айланып, Орусиянын кыжырын кайнаткан, Москва АКШ жетектеген аскер өнөктүгүнө Борбор Азия өкмөттөрүнүн катышуусун башында анчалык жактырбаса да колдогон.

Кытайдын да АКШ менен НАТОнун чектелүү күчтөрүнүн батыш чек арасына жакын жерде турушун жактырып жиберген жери жок.

Коштошуу кези келди окшойт

2005-жылдын 24-мартында элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин бийлиги кулатылды.

Бул өзү постсоветтик мейкинде «Жоогазын ыңкылабы» атын алган козголуштардын акыркысы болчу —Грузияда бийлик 2003-жылы, Украинада 2004-жылы алмашылды — Борбор Азиянын бийликти бекем мыкчыган өкүмзор башчылары мындай төңкөрүштөрдү жининен жаман көрүшөт.

Акаев Кыргызстан 1991-жылы эгемендикке жетишкенден берки президенти болчу, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан президенттери деле социализм заманынан бери бийликте отургандар (Тажикстандын президенти Рахмон бийликке 1992-жылы келген).

Анан 2005-жылдын майында Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян шаарында башталган тынч жыйынга куралдуу топтор аралашып, аягы кандуу кагылышууга алып келди, өлкөнү «түстүү ыңкылаптан» алып калыш үчүн Өзбекстан андайга жол бербестигин ырастап, кепилдик бериш үчүн өзбек бийлиги козголоңду куралдуу күчтөрдүн жардамы менен аёосуз басты. Жүздөгөн адамдар набыт болгону айтылды.

2005-жылы Анжиянда нааразылык жыйындарын аёосуз басуу учурунда жүздөгөн адамдар жок кылынган.
2005-жылы Анжиянда нааразылык жыйындарын аёосуз басуу учурунда жүздөгөн адамдар жок кылынган.

АКШ менен Европа өкмөттөрү нааразылык билдиргендерге карата жасалган аёосуз мамилени, куралдуу күчтөрдү колдонууну катуу айыптап, көз карандысыз эл аралык иликтөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылды. Ага жооп кылып өзбек өкмөтү Кошмо Штаттардан Ханабаддагы аскерлерин чыгарып кетүү шартын койду.

2005-жылдын июлунун башында өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай менен Орусия Өзбекстандын позициясын колдоп, жыйындын корутунду билдирүүсүн даярдоого көмөктөштү, анда Ооганстандагы «антитерордук коалициянын мүчөлөрү» - ШКУга мүчө өлкөлөр жериндеги аскер базаларынан чет элдик күчтөрдү чыгаруунун мөөнөтүн аныктоо зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Өзбекстандагы америкалык аскерлер 2005-жылдын аягына чейин чыгарылган, ал эми немис куралдуу күчтөрү ал учурда Термезде турган.

НАТОнун Дүйшөмбү аэропортун пайдалануусу кыйла кыскарып, 2014-жылы андан акыркы чет өлкөлүк аскерлер чыгарылган.

АКШнын Бишкек абамайданындагы аскердик базасын сындоо ар кыл кыргыз саясатчыларынын эрикпеген эрмегине айланып, орусиялык опсуз таасирге каршы тура албай кыргыз бийлиги базаны 2014-жылы жапты.

Америкалык аскерлер Бишкектин жанындагы “Манас” абамайданында 2002-жылдан 2014-жылга чейин турду, бул убакта өлкөдө эки ирет бийлик күч менен алмашылды, 2010-жылы июнда кан төгүлгөн этникалык кагылыштар болду.

Орусиялык ири каржылык жардамга таянып, 2009-жылы АКШ базасын жабууга Акаевдин ордун баскан Кыргызстан президенти Курманбек Бакиевдин Москвада берген убадасын танып кетиши Кремлдин кыжырын кайнаткан. Бакиев базаны жаппай, Кошмо Штаттар менен аскердик түзүмдүн ижара акысын өзгөрткөн, анын бул аракети Москванын ачуусун аябай келтирген.

Бакиев президенттик кызматынан 2010-жылы шыпырылды, андан кийин да америкалык аскерлер базада дагы төрт жыл турушту. Кыргызстан менен болгон мамиле-катнаштын мына ушул тажрыйбасы – Москванын көжөлүп каршы турушу, мүмкүн, “New York Times” гезитинин аналитикалык материалында АКШнын расмий өкүлдөрү тарабынан Ооганстандан чыгарылчу аскерлердин өргүй турган жайы катары аталбашынын бир себеби ушул болушу ыктымал.

Жагдай курчууда

Соңку он жылда Ооганстандагы чет элдик аскер күчтөрдүн саны кыскарып, мындан аркы коопсуздуктун жоопкерчилиги Кабулга берилгенден тартып өлкө ичиндеги куралдуу кагылышуулар арбып, уруштар күчөй баштады.

Он жылдан ашуун убактан бери Ооганстанда АКШ баштаган аскердик иш-аракеттердин натыйжасында Борбор Азиянын түштүк чек аралары салыштырмалуу тынч эле, бирок да кийинки жети-сегиз жылдан бери Ооганстандын түндүк тарабындагы жагдай кыйла начарлап кетти.

Ооганстандын Түркмөнстан, Тажикстан менен чектешкен аймактары «Талибандын» толук же жарым-жартылай көзөмөлүндө турат, ал жерлерде башка куралдуу топтордун жоочулары да ээн-эркин жүрүшөт.

Мындай жагдай Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүн кабатырлантпай койбойт.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө Тажикстан менен чектешкен Бадахшан, Тахар жана Кундуз провинцияларында, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан менен чектешкен Балх провинциясында тажик же өзбек жарандарын барымтага алуу же өлтүрүп койгон учурларын такай кабарлап турушат. Коопсуздук күчтөрү Түркмөнстан менен чектешчү Жаузжан, Фряб, Бадгис провинцияларында өзбек жарандары менен урушту улантып келатышат.

Ооганстандын түндүгүндө активдүү аракеттеги дагы бир куралдуу топ бар, Кабул аны «Жундалла» деп атайт.

Ошондой эле «Ислам мамлекети» деген ат менен Сирия менен Ирактын бир бөлүгүндө халифат түзүү аракети аркылуу таанылган террордук уюмдун «Ирак ислам мамлекети менен Леванта — Хорасан» (ИМХ) бөлүмү жүрөт.

ИМХтин канча желдети бардыгы белгисиз, орусиялык расмий өкүлдөр алардын болжолдуу санын жарыя кылышкан.

Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов 2019-жылдын 20-февралында Ооганстандын түндүгүндө ИМХтин үч миңге жакын лашкери бардыгын билдирген.

Тажик генерал-полковниги Ражабали Рахмонали ушундан көп өтпөй чек арага жакын аймактарда болжол менен 16 700 жоочу турганын, анын 6370и — чет элдик жалданма согушчандар экенин билдирген.

2019-жылдын майында Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников «Ооганстандын түндүгүндөгү КМШ менен чек арасында» беш миңге жакын террордук топтор чогулганын билдирген.

Андан кийин 2019-жылдын декабрында Орусия Федерациясынын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Рашид Нургалиев Ооганстанда үч жарым миңден он миңге чейинки ИМХ жоочулары бардыгын ырастаган.

АКШ базаларынын кереги барбы?

Ушу таптагы Борбор Азия менен Ооганстандын чек арасына баам таштаган адам жагдай 1990-жылдардын аягындагыдан анчалык деле айырмаланбаганын байкай алат.

«Талибан» Борбор Азия өлкөлөрү менен чектеш жерлерге кайра келди, анан да Тажикстан менен Өзбекстан өкмөттөрү өзгөчө маани берчү маселе - алардын айрым жарандарынын Ооганстандын түндүгүнө жыйналып жаткан террордук топторго кошулуп кетиши.

Бул ирет Борбор Азия өкмөттөрү «Талибан» менен байланышты жолго коюуда, ортомчулук аркылуу тынч келишимге келип калабызбы деген үмүткө ишеним артууда. Анан, мүмкүн, тынчтык келишимге жетише алышпаса да, Борбор Азиянын ичинен чыккан террорчулар башына иш түшкөндө оогандар арасына качып барып, жараатын айыктырып, кайра эле Борбор Азияга курал менен келип канабайрам салууга жол бербештин камын көрүп жатышкан да болуу керек.

Аскердик базаларын Америка Кошмо Штаттарынын утурумдук пайдалануусуна берүү бул базаларда турган америкалык аскер күчтөрү Ооганстандын түндүгүнө топтолуп алган борборазиялык террордук күчтөрдү жок кылууга пайдаланышы мүмкүн, мындай жүйөнү «Талибан» кыймылы жактырбаса да, мүдөөнү ишке ашырышса базаны берүү чечими өзүн актар эле.

Орусиянын Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик базасы бар, Тажикстандын чыгыш тарабындагы бийик тоо арасында тажик, кытай жана ооган чек арасынын кесилишинде Кытайдын чакан аскердик базасы жайгашкан. Эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Ооганстандан келчү баңгизаттарга каршы биргелешкен рейддерди жүргүзүп турушат.

Алардын аткара турган ролу, Тажикстандын түштүк чек арасын коргоо ири топторго каршы туруучу коргонуучу күчтөр катарына кирет, Москва менен Бээжин, дагы башка күчтөр бөлүп жаткан каражат, куралдарга карабай, Ооганстандан чыккан чакан топтор чек арадан өтүп, бангизаттарын ташууда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмоновдун маалымдоо каражаттарынын алдында сүйлөп жаткан учуру, Дүйшөмбү шаары, 22-октябрь, 2001-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмоновдун маалымдоо каражаттарынын алдында сүйлөп жаткан учуру, Дүйшөмбү шаары, 22-октябрь, 2001-жыл.

АКШ аскерлерин жайгаштыра турган аскер базалары, кыязы, ооган өкмөттүк күчтөрүнүн Борбор Азия туруктуулугуна коркунуч келтирчү «Жамаат Ансарулла», «Ислам жихады биримдиги», ӨИК менен ИМХ уюмунун калган жоочуларына каршы аскердик операцияларына колдоо көрсөтүү максатын ишке ашырышы мүмкүн.

Айрым аналитиктердин пикиринде, эгер Тажикстан АКШга аскерлерин жайгаштырууга уруксат берсе анда ал бир убакта Орусия, Кытай, АКШнын аскердик базаларын жайгаштырган биринчи өлкө болуп калат деп эсептешет.

Анткен менен, мурда Кыргызстанда АКШ менен Орусиянын аскер базасы бир убакта жайгашуусу айрымдардын таң калуусун жаратса, Тажикстанда Орусия менен НАТОнун базаларынын бир убакта турушу андай таңданууну жараткан деле эмес.

Өзбекстанда Орусиянын аскер базасы жок, ошол эле Орусия баштаган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан кирген Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) да мүчө эмес.

Непадам өлкө коопсуздугуна коркунуч келсе Өзбекстан кош тараптуу аскердик келишимдерге таянат, ал жерге америкалык аскердик базанын жайгашуусу Ооганстанда турган борборазиялык жоочулардын демин басууга кошумча кепилдик бере алат. Анан да бул жагдай аркылуу Ташкен ЖККУга кирүү чечимин артка жылдыруу мүмкүнчүлүгүнө жетишет.

Кошмо Штаттар менен өнөктөштөрү талибдерге каршы күрөшүп жаткан оогандарга жардам бериш үчүн пайдаланчу аскердик базалары Ооганстанга жакын өлкөлөрдө жайгашуусуна кызыкдар, бул аскерлерди алыс жерге, мисалы, Ыраакы Чыгышка жайгаштырууга караганда кыйла ыңгайлуу болмок. Албетте, Иран бир да вариантка кирбейт, Пакистан варианты да ушуга жакын.

Тактап айтканда, Борбор Азия бар тарабынан шайкеш келчү жер болор эле.

Ооганстанга кошуна өлкөлөрдүн бир да бири, болбосо ооган өкмөтүнө кийинки 20 жылдан бери жардам көрсөтүп келаткан мамлекеттер Ооганстан кайрадан туруксуз абалга кептелип, АКШ менен өнөктөштөрү чыгып кеткенден кийин Ирактын башына түшкөн мүшкүлдөрдүн кайталанышын каалабас эле, ички уруш-жаңжалдардын чек араны кесип өтүп сыртка жайылышы оной эле.

Америкалык жана башка чет элдик аскерлердин Борбор Азияда сөзсүз туруп турушуна себеп болчу дагы бир олуттуу жүйө бар.

2008-жылы АКШ менен Пакистандын ортосундагы мамиле курчуп, чыңалып турган маалда Вашингтон өнөктөштөрү менен «Түндүк бөлүштүрүү тармагын» (ТБТ) түзгөн, ал аркылуу Ооганстан коопсуздугуна көмөк көрсөтчү эл аралык күчтөргө Орусия менен Борбор Азия аркылуу Европадан ажал апкелбес жүктөрдү ташып турушкан.

Орусиянын Крымды басып алышы, анан да Украинанын чыгышындагы жикчилдерди коргоп чыккан Москва 2015-жылы Коопсуздукту орнотууга көмөк көрсөтчү эл аралык күчтөргө делген жүктөрдү ташып өтүү тууралуу келишимди жокко чыгарып койгон.

Анткен менен ТБТ ишин токтоткон жок, Европадан келчү жүктөр Грузия менен Азербайжан аркылуу, Каспий деңизи аркылуу Казакстанга жеткирилип, андан ары Өзбекстанга, Ооганстанга ташылууда.

Тармак жалгыз Ооганстанга гана жүк жеткирчү каттам болбостон, он жылдан бери Ооганстандан аскерлер саны кыскара баштагандан бери аскердик техникаларды алып чыгып кетүүнүн жолуна айланды.

ТБТ мындан ары деле чет элдик аскерлер пайдаланчу жол бойдон кала берет, анткени 11-сентябрга чейин куралдуу күчтөр Ооганстандан чыгып бүтүшү керек, андан кийин, мүмкүн, ушу тапта иштеп аткан өкмөттү колдош үчүн Ооганстанга башка жүктөрдү да жеткирип турат болуш керек.

Макаланы кыргыз тилине Бекташ Шамшиев которду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG