Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:51

Суваналиев: Кырдаал тынч, качкандар кайтып жатышат


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы коогада жабыркаган аймактарга электр энергиясын жана суу жеткирүү көйгөйү жаралды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев 3-майда “Азаттыкка” берген кыскача маегинде билдирди.

- Баткен облусунун аймагында кырдаал тынч. Айыл өкмөттөрдөн тартып, облустун деңгээлине чейин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Келген гуманитардык жардам жер-жерлерге жеткирилүүдө. Калаба маалында 58 миңдей адам үй-жайын таштап качып чыгышкан. Алардын арасынан үйү талкаланбагандары, өрттөлбөгөндөрү акырындан кайтып жатышат.

Учурда электр энергиясы жана суу маселеси курч турат. Аткылоо болгон учурда электр мамылары, кээ бир жерлерде электр чордондоруна зыян тийген. Аларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Кулунду: мөндүрдөй жааган ок, тоого качкан эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:32 0:00

- Сугат же таза суудан маселе барбы?

- Экөө тең. Анткени, чектеш аймактардын көбү шахмат түрүндө болгондуктан, суу жолдору Тажикстан менен ортодогу такталбаган жерлерди аралап өткөн. Азыр суу жеткирүү үчүн арыктар тазаланууда.

Башка аймактардан күн сайын азык-түлүк жана башка зарыл каражаттар гуманитардык жардам иретинде барууда. Аны облустук акимчилик бөлүштүрүп, жабыркагандарга жеткирүү жагын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырууда.

Убактылуу тынч аймактардан баш калка тапкандардын арасынан турак жайына зыян тийбегендери үйлөрүнө кайтып кетишүүдө. Үйү талкалангандар мектептерде ачылган баш калкалоочу жайларда турушат.

Баткен: Исфана жаштарынын элге жардамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

- Топтошуп күн кечирип жаткандардын санитардык-гигиеналык абалына көңүл бурулуп жатабы? Себеби, өлкөдө коронавируска байланыштуу жагдай деле курч болуп турат.

- Баткен жана Лейлек райондору коронавирус дээрлик катталбай калган аймактар болгондуктан, эпидеомиологиялык абал курч эмес. Облус бийлиги Бишкектен жана башка жактан келген ыктыярчыларга жергиликтүү калк менен жолугушуп, сүйлөшкөндө гигиеналык талаптарды сактоону талап кылууда.

- Жабыркагандарга ыктыярчылар күн сайын гуманитардык жардам жөнөтүп атышат. Азык-түлүк жана башка зарыл каражаттарды бөлүштүрүү эрежеси кандай тартипте ишке ашып жатат?

- Облустук, райондук жана айыл өкмөттүк деңгээлде мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Бул жагынан маселе жок. Кайсы жерге эмне керек болсо, жеткирилүүдө.

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү милдетин Баткен облустук администрациясы өзүнө алган. Жеткирүү жагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мойнунда. Ошондой эле даректүү жардамдар деле бар. Бишкектен же башка аймактардан же жеке кишилерден кайсы бир дарекке анык багытталган жардам болсо, ага биз кийлигишпейбиз.

Редакциядан: 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү. Ок тийип көз жумгандардын арасында 13 жаштагы кыз да бар. Учурда ооруканада 99 киши жатат.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Жаңжал жер талаш катары мүнөздөлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG